Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Айран ичкендер кутулуп, челек жалагандар тутулганда


Бакыт Калпетов - солдон үчүнчү
Бакыт Калпетов - солдон үчүнчү

Бишкектин Ленин райсоту 14-июлда бейбаштык кылды деп, БЭКтин 2 мүчөсүн 15 күн камакка алууга чечим чыгарды. Эми шаар соту чечимди күчүндө калтырса А. Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү Б. Калпетов менен М. Токтошев шайлоо күнүн абакта тосуп калышы мүмкүн.

12-июлда Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрү Бишкектеги Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде А. Атамбаевдин талапкерлигин колдоп жыйын өткөрүп жатышканда албуут аялдар чогулушту аягына чыгарбай чатак чыгарышып, райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жыйын уюштуруучуларды кармап кетишкен.

Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Кошобаев сотто ал окуя тууралуу кыскача момундай көрсөтмө берди.

- Курчап турганбыз. Булар турушкан эл менен. Анан ызы-чуу болгондон кийин чуркап бардык. Барсак мушташ болуп атыптыр. Анан барсак эле аялдар менен бул балдар экен. Ким күнөөлүү – балдар күнөөлүү. Ошол жерден балдарды алып кеткенбиз.

Милиция кызматкерлери чатак чыгарган аялдарга тийбей, көйнөгүн тыттырып, көзүнө уулуу газ чачырап, запкы көргөн балдарды кармап кетишкен. Аялдардан запкы көргөндөрдн арасында президенттикке талапкер А. Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү Бакыт Калпетов баш болуп Бириккен элдик кыймыл мүчөлөрү райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Жыйынды үзгүлтүккө учураткандар да арыз жазышкан. Минтип жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү айыпка жыгылуда.

Сотко күбө катары чакырылган райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери Кошобаев өз рапортунда жазылган «Б.Калпетов милиция кызматкерлерине баш бербей, газ баллонун чачты» деген маалыматын ырастай алган жок.

- Байкаган жокпуз. Биз барганда газ эметип атыптыр. Ким чачты болгондо…

Бириккен элдик кыймыл мүчөлөрүн кармап кеткен Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Жумашев да Б. Калпетовдун колунда газ баллону жок экенин билдирди.

- Мында жок болчу чын эле. Берки баласында бар болчу.

Сот Р. Нурматов: - Мында беле?

- Бир баласында бар болчу. Көргөм да, мен кармагам. Анан кармап, ызы-чуу болуп, каршылык көрсөттү да. Колун кайрып, антип-минтип…

Сот Р. Нурматов: - Сиз кармадыңыз. Конкрет мынабу кишини алып келиптир, далилдеп бер деп! Ушул киши эмне кылды? Сиз айтпайсызбы, мобу киши мындай-мындай кылып койду деп.

- Эми аялдар менен согушуп атыптыр. Бардык. Анан аял кишини биз эч кандай кармай алабайбыз да. Эркекти биз кармадык. Аялдарды дагы бирөөлөр сүйрөп кетти.

Сот Р. Нурматов: - Аялдарды башкалар…

- И, биз эркектерди сүйрөп кеттик да, машинеге салдык алып барып. РИИБге алып барып, ал жактан материал түзүп, тергөөгө киргизип бердик. Болду, ошону менен биздин иш бүттү.

Жарым саатка жакын эки милицияны күбө катары сураган райондук сот Райымжан Нурматов Бакыт Калпетов менен Мирлан Токтошевди 15 күнгө камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Ал чечимди Бакыт Калпетов саясий өңүттөгү иш катары баалады.

- Келген милициянын кызматкерлери да менин газ чачпаганымы, эч нерсе кылбаганымы айтып жатышат. Ошол эле мезгилде ички иштер бөлүмүндө менин арызым жатат. Ошону карабай, булар мени 15 суткага камап жатат. Бул деген шайлоо өнөктүгү маалында А. Атамбаевдин штабдарын начарлатуу негизинде жасалган нерсе.

Бакыт Калпетов Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрыла тургандыгын кошумчалады.

Оппозиция жыйынына аялдар тобу чуу салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

XS
SM
MD
LG