Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Июнь коогасы жана Убактылуу өкмөттүн аракети


Коогалаң тутанган алгачкы күндөр. Ош, 11-июнь, 2010.
Коогалаң тутанган алгачкы күндөр. Ош, 11-июнь, 2010.

Былтыр ушул маалда, 11-июнга караган түнү Ош шаарында этностор аралык жаңжал тутанган. Убактылуу өкмөт ага карата кандай чараларды көргөн?

2010-жылдын 7-апрелинен кийин Убактылуу өкмөт же толук легитимдүү боло албай, же өлкөдөгү олку-солкулукту жайгара албай аткан оор шартта Ош шаарында кандуу окуялар тутанып кетти. 10-июндун түнү чыккан жаңжалды 13-июнга чейин күч түзүмдөрү көзөмөлгө ала албай турушту.

10-июндан 11-июнга караган түнү Ош шаарында жаңжал чыгары менен түнкү саат 01:00 ченде 14 адамдан турган Убактылуу өкмөт чукул чогулуп, жаңжалды басуу боюнча чараларды көрө баштады. Анын натыйжасында Убактылуу өкмөттүн атайын өкүлү, Коргоо министринин милдетин аткарып аткан Исмаил Исаков, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаровдор кырдаалды жөнгө салуу үчүн Ош шаарына токтоосуз жөнөп кетишкен. Ички иштер министринин милдетин аткарып аткан Болот Шер Бишкекте калып, анын орун басары Бактыбек Алымбеков Ошко жөнөтүлүп, шаардын коменданты болуп дайындалган.
Ош, 12-июнь.


Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев коога күчөп турган күндөрү Бишкекте болуп, анын орун басары Көлбай Мусаев жаңжал чыккан аймакка барган.

Кооганын алгачкы күндөрү Убактылуу өкмөттө биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткарып турган Алмазбек Атамбаев, Каржы министрдин милдетин аткарып аткан Темир Сариев баштаган Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү Бишкекте болушкан. Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Бектур Асанов ошол маалда Жалал-Абаддын губернаторунун милдетин аткарып аткандыктан, коога маалында толук ал жакта жүргөн.

Алмазбек Атамбаев болсо Чүй облусунда, Бишкекте да тополоң уюштурууну каалаган күчтөр бар экенин айтып, башка өкмөт мүчөлөрү менен бирге элдик кошуундарды чогултуу, борбор шаарда жана өлкөнүн башка аймактарында коопсуздукту бекемдөө сыяктуу иш-чараларды уюштурушкан.

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева кандуу башаламандыкты басуу чараларын көзөмөлдөп, эл аралык уюмдардан, дүйнөлүк коомчулуктан көмөк-жардамдарды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жаңжал кызып турган алгачкы 2-3 күн ичинде ал Бириккен улуттар уюмунун тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнө, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна, Орусияга, дегеле кырдаалды жайгарып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар тышкы күчтөрдүн кыйласына кайрылган. Ошол эле маалда күч түзүмдөрү толук согуштук абалга келтирилип, мурдагы ооганчыларды, Баткен окуясына катышкан тажрыйбалуу адамдарды мобилизациялоо башталган. Бирок тышкы өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргөн арада күч түзүмдөрү кырдаалды колго алууга жетише баштаган.
Ош, 11-июнь.


Талдоочу, июнь окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссиянын эксперти Табылды Акеровдун айтымында, азыр туруп алып былтыркы июндагы окуялар үчүн Убактылуу өкмөттү күнөөлөш оңой. Бирок былтыр ушул маалда кырдаал оор болуп, 7-апрелден кийинки олку-солкулуктан улам Убактылуу өкмөт алсыз болгон. Ошентсе да алардын кырдаалды жөнгө сала албай, көптөгөн адамдар өлүп кеткени үчүн моралдык жана саясий жоопкерчиликтери чоң. Себеби Убактылуу өкмөт биринчи эле чукул чогулууда мобилизация жарыялап, Ош, Жалал-Абад обустарына өзгөчө кырдаал киргизсе болмок:

- Убактылуу өкмөттө ошол учурда оперативдүү маалыматтын жоктугу байкалат. Коогалаңдын ушунча өрчүп кетерин билишкен эместей сезилет. Себеби Коопсуздук кызматында маалымат жок болуп, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн, аскердин кайсы бир бөлүгүн Ошко жиберип, ошол жерден басабыз деп ойлошкон. Бирок иш жүзүнө келгенде андай мүмкүнчүлүк болбой турганына көздөрү жеткен. Анан ошол жерден Ошто бир топ генералдар чогулуп, тез арада мобилизациялоо чечимин кабыл алуу керек деп сунушташып, анан кайра Бишкекке келип Убактылуу өкмөттүн мобилизация, өзгөчө абал ж.б. чечимдерин даярдашкан. Ошондон кийин гана аскер көзөмөлдү колго ала баштаган.

Каргашалуу күндөр

x


Бектур Асанов былтыркы кооганы эскерип, моралдык күнөөсү бар экенин Убактылуу өкмөттүн бардык эле мүчөлөрү моюнга алышарын, бирок жаңжал маалында өкмөт мүчөлөрү ар бири өзүнүн милдетин так аткарганга аракет кылышканын айтат:

- Убактылуу өкмөт бул тополоңдун алдын ала албады, туура. Ошондуктан моралдык жактан күнөөсү бар. Муну Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, президент да кечирим сурап айтып атышат бир жылдан бери. Элге кайрылып кечирим сурап атышат. Негизинен коогалаң боюнча күнөө, кандай көз караш менен алсак да, юридикалык жактан деле тополоңду жараткан, ошого алып келген тарап күнөөлүү да. Мен өзүмдүн моралдык күнөөмдү сезем. Өзгөчө Бакиевдерди кызматка алып келгендердин бири катары, ошол Бакиевдердин бийлигинде иштеген киши катары көбүрөөк күнөөмдү сезем. Азыркы бийликте отурганыма эмес, мурунку бийликте отурганым үчүн көбүрөөк күнөөмдү сезем...

Ошентип Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы кырдаал коогалаң башталгандан кийин бир жума дегенде араң калыбына келе баштаган.

XS
SM
MD
LG