Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Хоккей тарыхындагы эң кайгылуу күн


Ярославл, 8-сентябр 2011-жылы
Ярославл, 8-сентябр 2011-жылы

Хоккей дүйнөсү аза күтүүдө. Кечээ Ярославлдан Минскиге бараткан учак кырсыкка учурап, «Локомотив» командасынын 37 мүчөсү, экипаж набыт кетти.

Аман калган хоккеисттердин бири жана бортинженер оор абалда ооруканага жеткирилди.

Хоккей боюнча эл аралык федерациясынын жетекчиси Рене Фазел кырсыкты «хоккей спортунун тарыхындагы эң кайгылуу күн» деп атады. «Локомотив» клубунда 10 өлкөнүн өкүлдөрү, Олимпиада, дүйнө чемпиондору ойночу.

Кырсык жөнүндөгү кабар тараган учурда Континенталдык хоккей лигасынын быйылкы сезону башталып, алгачкы матч өтүп жаткан. Бирок ал беттешүү аягына чыккан жок. Орус хоккей федерациясынын жетекчилери мындай трагедия болуп жатканда оюнду улантуу мүмкүн эмес деп чечишти.

Орус жетекчилигигин атына көңүл айтуу телеграммалары келип жатат. Европада, океандын ары жагында хоккеисттер кечээ эле чогуу ойногон, достошкон курбуларын эскерип жатышат.

«Локомотив» командасы менен коштошуу Ярославлда 10-сентябрда өтөт. Жума күндөн тарта облуста 3 күндүк аза күтүү жарыяланды. Суук кабарды уккан хоккей күйөрмандары, шаардын тургундары «Арена» спорт комплексинин жанына гүл, шам алып келип жатышат. «Локо! Локо!» деген ураан жаңырып турду.


Кыйраган Як-42 учагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00



Прагалыктар болсо Чехиянын баш калаасындагы Староместска аянтына чогулушту. Май айында ушул эле жерде алар дүйнө чемпионатынан коло медалин жеңип келген Чехиянын улуттук командасын, анын ичинде шаршемби күнкү кырсыкта каза болгон Ян Марек, Карел Рахунек жана Йозеф Вашичекти тосуп алышкан. Набыт болгон үч хоккейчи ар кайсы жылдары дүйнө чемпиондору болушкан. Хоккей Чехияда илгертеден эле спорттун эң популярдуу түрлөрүнө кирет.

«Үчөө тең мыкты хоккеисттер болчу. Улуттук курама командада ойноп, дүйнөлүк аренада таанылган, музда жогорку чеберчилик көргөзгөн балдар эле. Эми алардан айрылып отурабыз», - дейт аянтка келген Петр.


«Локомотив» – Орусиянын алдыңкы клубдарынын бири, өлкө биринчилигинин үч жолку чемпиону. Дээрлик 50 жылдык тарыхы бар клуб Советтер Союзу учурунда «Торпедо» деп аталып келген. Улуу муундагылар аны дал ушул аты менен билишсе керек. Жыл сайын ярославдыктдар Орусия чемпионатынын фавориттер тобуна кирчү. Былтыркы сезондо үчүнчү орунду ээлешкен.



10 өлкөнүн өкүлдөрүнөн куралган «Локомотивди» жылдыздар командасы деп атаса болот. Жогоруда айтылган чехиялыктардан тышкары клубда 2006-жылкы кышкы Олимпиаданын, ошол эле жылкы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Швециянын улуттук командасынын дарбазачысы Стефан Лив, Латвия жана Словакия командаларынын капитандары Карлис Скрастиньш жана Павол Демитра, беларустук Руслан Салей, германиялык Роберт Дитрих жана башкалар ойношчу. Тагыраак айтканда, кээ бирлери «Локомотив» менен келишимди жаңы эле түзүп, алгачкы беттешүүнү Минскиде өткөрүшмөк.

Команданын өзөгүн, албетте, жергиликтүү хоккеисттер түзчү. Кээ бирлери Орусиянын улуттук командасынын курамында жаштар арасындагы дүйнө чемпиону наамын жеңишкен. Бир нечеси негизги улуттук командага талапкерлер эле.

Орус хоккей федерациясынын төрагасы Владислав Третьяк каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты: “Эң биринчи кезекте маркумдардын жакындарына, командага көңүл айтам. Орус хоккейи чоң жоготууга учурады. Командада көптөгөн мыкты хоккеисттер ойночу”.

Канадалык белгилүү машыктыруучу, кезинде НХЛде 18 сезон ойногон Брэд МакКримон да “Локомотивге” быйыл эле чакырылган. Буга чейин клубду чехиялык Владимир Вуйтек машыктырып келген.

Чехияда маркум хоккеисттердин улуттук командадагы жеке номерлерин мындан ары эч кимге бербей, түбөлүккө аларга калтырууну сунуш кылып жатышат. СССРдин, андан кийин Орусиянын курама командасында 17-номер 1981-жылы автокырсыктан каза тапкан даңазалуу Валерий Харламовдуку бойдон калды.

Спортчулардын өлүмү мындан 30 жылдай илгери болгон трагедияны эске салды. 1979-жылы 11-августта Ташкенттен Минскиге бараткан ТУ-154 учагы Челябинск-Кишинев каттамындагы учак менен кагылышкан. Анда каза болгон 178 кишинин арасында Өзбекстандын «Пахтакор» футбол командасынын 17 мүчөсү бар болчу.

XS
SM
MD
LG