Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Шайлоо тизмесинин машакаты


Кыргызстанда шайлоочулардын тизмеси акыркы жолу былтыркы парламенттик шайлоо алдында такталган. Сүрөттө: Былтыр 10-октябрдагы парламенттик шайлоого чакыруу кагазы.
Кыргызстанда шайлоочулардын тизмеси акыркы жолу былтыркы парламенттик шайлоо алдында такталган. Сүрөттө: Былтыр 10-октябрдагы парламенттик шайлоого чакыруу кагазы.

Шайлоочулардын алгачкы болжолдуу тизмесин БШК тактап бүттү. Бирок такталган акыркы тизме шайлоого үч күн калганда гана жарыяланат.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси 2001-жылы түзүлүп, шайлоо сайын толукталып, такталып келген. Бул жолку президенттик шайлоого БШК жаңы тизме сунуштоого дымак кылууда.


Таза шайлоого карай кадам


БШКнын маалыматына караганда, тизмени борборлоштурулган программанын жардамы менен атайын комиссия тактап жатат. Болжолдуу эсептелип, жер-жерлерге жибериле баштаган биринчи баскычтагы бул тизме мамлекеттик каттоо кызматы, салык кызматы, социалдык фонд өндүү мамлекеттик мекемелердеги, мурдагы шайлоолордогу тизмелер менен бири-бирине салыштырылып, такталды.
Баары бир качандыр бир таза шайлоого кадамды башташ керек эле да, таза шайлоо өткөргөнгө мүмкүнчүлүк түзүш керек болчу.

Бул шайлоодо мурдагыдай добуш берүү маалында кошумча тизме түзүлбөйт. Жаңы эреже боюнча жалпы тизме шайлоого 40 күн калганда аймактарга жиберилип, атайын такталарга илинет. 30 күн калганга чейин ар бир шайлоочуга маалымдалып, бир ай ичинде шайлоочу кайра өзү жөнүндө маалымат так, же так эмес экендигин, тизмеде аты-жөнү бар-жогун билдириши керек. Мындан тышкары башка жакта добуш берүү жагдайы түзүлүп калган шайлоочу ал тууралуу шайлоо комиссиясына 10 күн мурда маалымат бериши керек. Ошонун негизинде гана добуш берүүгө үч күн калганда шайлоочулардын такталган акыркы тизмеси бекитилет.

Бирок жаңы тизме идеалдуу түзүлүп жатат деп айтууга болбойт. Дээрлик шайлоочулардын жарандык активдүүлүгүнө үмүт арткан бул жараян кыйынчылыктар менен коштолуп жаткандыгын Борборшайлоокомиссияснынын мүчөлөрү өздөрү да төгүндөшкөн жери жок. Бул 2004-жылы башталган паспортту жапырт алмаштыруу, айылдардын, айыл өкмөттөрүнүн аттарынын өзгөрүшү, адамдардын өлүмү, миграция өңдүү жараяндардан келип чыккан айырмачылыктар менен байланыштырылууда.

БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун айтымында, атайын комиссиянын башкы максаты топ жарып, таза шайлоону карай кадам таштоо болууда:

- Баары бир качандыр бир таза шайлоого кадамды башташ керек эле да. Мүмкүн ушу шайлоодо кээ бирлери убактысында келбей калат. Мүмкүн он күн калганга чейин кайдан добуш берээрин, тизмеде фамилиясы барбы-жокпу тактай албай калат. Ошондой ар кандай кырдаалга жеткирбегидей үгүт иштерин жүргүзөбүз. Аягына чейин жетпей калса капачылыктар да болушу мүмкүн. Бирок негизи муну башташ керек эле дагы, таза шайлоо өткөргөнгө мүмкүнчүлүк түзүш керек болчу.

Ошол эле мезгилде байкоочулардын бир тобу БШКны тизме жаатында тобокелчиликке барып жатат деп тынчсызданууда. БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин пикиринде, жаңы тизме түзүүгө убакыт жетпейт, ошондуктан баары бир БШК мурдагы эле тизме менен шайлоого барууга аргасыз болот. Бул биринчи кезекте убакыттан жана шайлоону уюштурууга катышып жаткандардын ишке таза, так мамилесинен көз каранды дейт Сариев.


Тизмеге кирбесең - добуш бере албайсың


Байкоочу уюмдардын бири “Таза шайлоонун” жетекчиси Айнура Усупбекованын баамында, убакыттын жетер-жетпеси БШКнын аракеттерине байланыштуу:

- Эми БШК кандай иштейт – көрөбүз. Узак мөөнөттү байкоочулардын маалыматтарына караганда, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, айрыкча партиялар жиберген мүчөлөр келбей коюп атышат, кетип калгандар болуп атат. Ошондон улам кол жетпей калып атат. Азыркы мыйзам боюнча резерв бар, бирок андан деле кетип атышат. Анын үстүнө резерв дагы окутулган жок.

Кандай болгон учурда да байкоочулар жаңыртылып жаткан тизмеге шайлоочулардын толугу менен киришине айрыкча кызыкдар. Ошондуктан “Таза шайлоо” БШКнын тизмелерди үймө-үй кыдыруу аркылуу тактоо максатында 25-сентябрда баштала турган экинчи баскычына өзүнүн бирден байкоочусун кошуп берип жатат.

- Азыр тизмеге кирбеген шайлоочулар добуш берүүгө катыша албай калат. Бул да бизге тобокелчиликтин бири катары көрүнүп атат. Шайлоо комиссиясы буга бардык күчүн жумшашы керек болуп атат.

Усупбекованын айтымында, Шайлоо кодекси бул ирет шайлоочуларга көбүрөөк жоопкерчилик артып койду, бирок ошол жоопкерчиликти аркалоого шайлоочу даяр экендиги күмөн туудурат. Анткени аларга маалымат жеткирүү, агартуу иштери солгун болууда.

Жаңы Шайлоо кодекси боюнча шайлоонун жыйынтыгы добуш берген шайлоочулардын санына карап чыгарылат. Болжолдуу маалыматтарда шайлоого жашы жеткен кыргызстандык жарандардын саны 3 миллиондун тегерегинде, анын 1 миллионго жакыны чет өлкөлөрдө экендиги айтылып келатат. Быйылкы президенттик шайлоо алдында түзүлүп жаткан шайлоочулардын болжолдуу тизмесин жарыялоону БШК эрте деп эсептөөдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG