Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Радикалдуу уюмдар баш көтөрө баштадыбы?


Дагестан -- Орусиянын террорго каршы күчтөрү Комсомолский айылында атайын операция жүргүзүүдө, 2010-жылдын 13-сентябры.
Дагестан -- Орусиянын террорго каршы күчтөрү Комсомолский айылында атайын операция жүргүзүүдө, 2010-жылдын 13-сентябры.

Ошто шайлоо алдында радикалдык диний уюмдардын күч ала баштаганы айтылууда. Ошондой эле “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу кыймылдарга мүчө болгон жаштар жана аялдар көбөйүүдө. Муну адистер мечиттерде диниятчылардын калк арасында түшүндүрүү иштерин чала жүргүзгөндүгү менен байланыштырууда.

Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк боюнча өкүлү Курбаналы Узаков шайлоону утурлай Ошто радикалдык маанайдагы исламчыл кыймылдар баш көтөрө баштаганын жар салды:

- Негизи экстремисттик уюмдар ушундай шайлоо жараяндары учурунда өзүнүн ишин активдештирет. Биздеги маалыматтарга, иликтөөлөргө ылайык бул жолу да алардын баш көтөргөнү байкалууда. Жер-жерлерде өз иштерин жандандырышууда.

Узаковдун белгилешинче, радикалдык топтор аймактагы калкты шайлоого катышпоого үндөгөн чакырыктар менен чыгышууда:

- Радикалдык уюмдар тургундарды шайлоого катыштырбоо аракетин көрүүдө. “Шайлоо шариятка туура келбейт, мындай жолдо барбагыла” деген сыяктуу чакырыктарды таркатышууда. Мунун менен алар мамлекетти дестабилдештирүү максатын көздөшөт.

Адистер “Хизб-ут Тахрир” экстремисттик уюму ишмердүүлүгүн жаңы стратегиялык багытта жүргүзө баштаганын белгилешет. Уюм мүчөлөрү өзгөчө Кара-Суу районунда жаштарды жана аялдарды өз катарына тартуу аракеттерин күчөткөн.

“Фергана өрөөнүндө тынч өнүгүү” коомдук фондунун директору Расул Авазбек уулу “Азаттыкка” буларды айтты:

Оштогу Мажүрүм тал мечити
- Жаштардын радикалдашкан исламга өтүп кетип жатышына бир нече фактор бар. Биринчиден, 20 жыл ичинде мамлекет жаштарды ынандыра ала турган идеология түзө албады. Алар өз чындыгын, акыйкатын ошол нерседен таап атышат.

Экинчиден, “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу уюмдар акыркы мезгилде стратегиясын бир аз өзгөрттү. Алар мүчөлүккө жалаң жаштарды жана аялдарды кабыл алууга басым жасап атат. Анткени жаштар кызуу кандуу келет, ал эми аялдар башкаларга таасир этүүгө жөндөмдүү. Маселен, аялдар өзүнүн балдарын да уюмга киргизүүгө мүмкүнчүлүгү болот.


Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну Адылбек радикалдык маанайдагы топтор соңку мезгилде ишмердүүлүгүн ачык эле жүргүзө баштаганын айтууда. “Кээде дин кызматкерлеринин да үгүттөгөн учурлары бар” дейт ал:

Ниязалы ажы Арипов
- Мен өзүм беш убак намазга жыгылам. Кара-Суу районундагы эле мечиттерге кирем. Бир жолу намаз окулуп бүткөндөн кийин ошол мечиттин ичинде даават болуп атканын көрүп калдым. Жакын барсам “Хизб-ут Тахрирге” мүчө болгула дегендей сөздөр болуп аткан экен. Мен дароо эле кетип калдым. Бирок кирип кеткендер көп эле да.

Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов бул боюнча мечиттерде түшүндүрүү иштерин алып барып жатканын билдирди:

- Биз “радикалдык маанайдагы исламисттик күчтөргө кирбегиле” деп ар бир келген кишиге эскертип турабыз. Бул жактан түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө деп ар дайым мечит имамдарына эскертебиз. Туура ислам, таза динибизге адамдарды тартууга болгон үгүт иштерди жасайбыз.

Маалым болгондой, жыл башынан бери облуста “Хизб-ут Тахрир” экстремисттик уюмунун ондон ашык мүчөсү кармалган. Кармалган адамдардын үйлөрүнөн аталган уюмга тиешелүү ар кандай баракчалар, аудио-видео дисктер табылган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG