Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Шайлоо камылгалары аяктап калды


Ош шаары, 27-октябрь 2011-жыл.
Ош шаары, 27-октябрь 2011-жыл.

Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү бардык добуш берүү бекеттеринде шайлоо камылгалары аяктап баратат. Бүгүн кошумча бюллетендер да аймактык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүлүп бүттү.

Ал арада БШК документтерине байланыштуу кармалып турган ЕККУ миссиясынын 67 байкоочусун каттады. Ушул эле күнү 26 жаштар уюмунун өкүлдөрү калкты шайлоодон кийин жөнсүз митинг, пикеттерден оолак болууга үндөп чыгышты.

Ашыкча бюллетендер жок кылынууда

Бүгүн президенттик шайлоо үчүн үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү. Бул күнү Боршайком Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү шайлоо бекеттери добуш берүүчүлөрдү кабыл алууга толук даярдыгын билдирди.

БШК мүчөсү Рашид Бекбасаровдун айтымында, тизме такталгандан кийин кошумча даярдалган 37 миңдей бюллетен да аймактык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүлдү.

Айрым аймактарда шайлоочулардын саны мурда белгиленгенден аз болуп калгандыктан ашыкча жиберилген бюллетендер жок кылынууда:

- Тизме такталгандан кийин 15-17 аймактык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын саны азайып калды. Мурда ошол убактагы тизменин саны менен бюллетен жөнөтүлгөндүктөн ашып калган бюллетендер жеринде жок кылынып жатат.

Рашид Бекбасаров билдиргендей, жергиликтүү шайлоо комиссияларына бюллетендеги жарыштан чыккан жети талапкердин ысымын чийип салуунун жол-жоболору да түшүндүрүлүп жатат.

Эл аралык байкоочулардын саны 790дон ашты

Мындан тышкары бүгүн каттоодон өтө албай жаткан эл аралык байкоочулардын маселеси парламентте көтөрүлдү. Депутат Роза Акназарова эл аралык байкоочулардан кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, бул маселени чечүүгө үндөдү.

Буга чейин Боршайком ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун кыска мөөнөттүү 67 байкоочусун документтери туура эмес деген жүйө менен каттоодон өткөрбөй жаткан.
Түштөн кийин эл аралык байкоочулардын маселесин БШК карап чыгып, 67 байкоочуну каттоодон өткөрүү чечимин кабыл алды. Чечимди БШКнын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Берик Исаков мындайча түшүндүрдү:

- Аккредитация үчүн документтерди кабыл алуу 26-октябрда аяктаган. ЕККУ миссиясынын байкоочулары 26-октябрда түнкү саат он экиге чейин кайрадан оңдолгон документтерин алып келип беришти.

Натыйжада президенттик шайлоого 47 эл аралык уюмдан, 56 өлкөдөн келген 792 байкоочу көз салары маалым болду.

Ошондой эле бүгүн 26 жаштар уюмунун өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, калкты жана талапкерлерди шайлоодон кийин тынчтыкты сактоого үндөп чыгышты. Демилгечи топтун өкүлү Ринат Самудинов буларга токтолду:

- Элди алып чыгып, саясий кырдаалды курчутуп жатышпайбы. Ошондуктан шайлоодон кийин Кыргызстанда түндүк-түштүк маселеси көтөрүлүп, кагылыш чыгып кетпесин деген максатыбыз бар.

Ошентип президенттик шайлоо үчүн үгүт иштери жыйынтыкталарына саналуу убакыт калды. Мыйзамга ылайык, шайлоого 24 саат калганда үгүт иштери токтотулуп, эртең үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.

Шайлоого бир күн калганда жер-жерлерде атайын көчмө топтор түзүлүп, шайлоо бекетине келе албаган жарандар жана сот өкүмүн күтүп, тергөө абактарында кармалып жаткандар добуш беришет. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда таңкы саат сегизде башталат.

XS
SM
MD
LG