Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Ыкчам топторго ичи чыкпагандар бар


Ыкчам топ тизме тактоо учурунда, Бишкектин Бакай-Ата конушу, 15-октябрь.
Ыкчам топ тизме тактоо учурунда, Бишкектин Бакай-Ата конушу, 15-октябрь.

Шайлоочулардын тизмесин тактаган ыкчам топтордун жана БШКнын ишине нааразычылык арбын айтылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин ыкчам топтордун жардамы менен 20-октябрга чейин аныктап чыккан. Анткен менен чоң каражат жумшалган бул иштин натыйжасы аз болгондугун, БШК шайлоо өнөктүгүн мыктылап жүргүзө албай жаткандыгын сындашууда. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин тактоодо чоң ийгиликтер бар экендигин негиз кармап жатат.

Жаңы конуштар, шайлоого тизилгиле!

Шайлоочулардын тизмесин жер-жерлерде түзүлгөн ыкчам топтор 15 күндүн ичинде тактап чыгышкан. Ошол ыкчам топтордун иши майнаптуу болгонун Бишкек шаарындагы Свердлов райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Замирбек Турсунбаев жаңы конуштардын мисалында белгиледи:

- Ак-Бата, Дордой -2 жана Ак-Жар конуштары мурда такыр тизмеге кирбей жүргөн. Бул жолу ыкчам топторду күчөтүп, ошолорду киргиздик.

БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун маалыматына караганда, аталган ыкчам топтордун иш-аракетине 100 миң доллардан ашык каражат жумшалып, бул каражат Эл аралык шайлоо системасы фондунун эсебинен каржыланды. Бирок анын баары тең эле Кыргызстан боюнча жалданган 6 миң адамга 900 сомдон айлык иретинде төлөнүп берилген.

Ошентсе да ыкчам топтордун иш жыйынтыгы байкоочуларды канааттандырбай турган кез. Көп чыгым, аз натыйжа болду дегендер да бар.

Иштин натыйжасыздыгын “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова БШКнын улуттук масштабдагы маалыматтык кампания жүргүзө албагандыгы менен негиздеди:

- Борбордук шайлоо комиссиясы өзү улуттук масштабдагы маалымат компаниясын жүргүзө алган жок. Ошондуктан көпчүлүк шайлоочулар бул иштин жүрүп жатканын билишкен да жок. Ошон үчүн прболемалар жаралууда.

Тизме көбөйбөй азайыш керек беле?

Тизме тактоого карата Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнүн аргументи бар. Бул ыкчам топтордун жардамы менен өлкөдө буга чейин тизмеде жок 87 миң, жашаган даректери алмашкан 110 миң жана аты-жөнү туура эмес жазылган 15 миң шайлоочу такталганын БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков билдирди.

- 200 миң деген адам участкалык шайлоо комиссиясына барып, өздөрүн тизмеге киргизип, же аты-жөнүн оңдогон учурлар, ошондой эле башка жерден шайлагысы келсе, ошол жактан шайлайм деп арыз бергендер мурда болду беле? Мурда мындайлар болгон эмес да.

Борбордук шайлоо комиссиясы тизмелерди тактоонун натыйжасында 130 миң бюллетен кошумча чыгарыла тургандыгын билдирүүдө. Ал эми байкоочулар шайлоочулардын тизмеси мурдагы шайлоолорго караганда кыскарбай эле, узарып жатканын сынга алышууда. Анткени, алар жүз миңдеген кыргызстандыктар мигрант болуп чет өлкөдө жүргөн шартта шайлоочулардын тизмеси кыскарышы керек болчу деп эсептешет.


​Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев буларды билдирди:

- 500-700 миң жаран сыртта жүрүп жатат деп жатпайбызбы. Анан кантип көбөйүшү керек. 2009-жылы президенттик шайлоодо Баткен облусун биз үймө-үй текшерип чыкканда, тизмедеги шайлоочулардын 20 пайызы жок болуп чыккан. Менин оюмча, булар иштеген жок, тизме кайра узарып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы жаңыланган акыркы тизмени шайлоого үч күн калганда жарыялай тургандыгын билдирүүдө. Жаңы мыйзамга ылайык, бул сапар кошумча тизме болбойт, ал эми тизмеде жок шайлоочу добуш бере албайт.

XS
SM
MD
LG