Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Ошто шайлоочуларды коркуткандар бар


Архивден: Ош шаарынын күнүн майрамдоо убагында
Архивден: Ош шаарынын күнүн майрамдоо убагында

21-октябрда айрым укук коргоочулар шайлоо алдында улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн коркутуп, үркүтүү аракеттери катталганын жар салышты. Алар өлкө бийлигин шайлоочулардын коопсуздугуна көңүл бурууга үндөшүүдө.

Ички иштер министрлиги коомдук тартип көзөмөлдө экенин билдирүүдө. Ал арада үгүт иштеринин жүрүшүндө дале болсо алешемдиктер катталып жатканы кабарланууда.

Укук коргоочу тынчсызданууда

Президенттик шайлоого саналуу күндөр калганда айрым укук коргоочулар жарандардын коопсуздугу үчүн тынчсыздануусун билдирип чыгышты.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Ош аймагында белгисиз адамдар кайсы бир талапкердин атына жамынып, улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн коркуткан учурлар бар экенин билдирди:

- Ошто бир нече адамдар менен жолугуштум. Чынында эле белгисиз жигиттер айылдарды, көчөлөрдү аралап жүрүп, “кимге добуш бересиңер? Биз Атамбаевдин кишилерибиз” деп айтышыптыр. Жергиликтүү тургундар “макул Атамбаевге добуш беребиз” дешсе, келген белгисиз адамдар кайра “Атамбаевге добуш бере турган болсоңор, үйлөрүңөрдү өрттөп кетебиз” деп ачык эле айтып жатышкан экен. Бул боюнча шаардын ички көчөлөрүндөгү тартипти күчөтүү жагын Ички иштер министрлигинен өтүнөт элек.

Коркутуп, үркүтүү боюнча Ички иштер министрлигине азырынча эч ким кайрылбаганын министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шайлоо алдында коопсуздук боюнча кабатырланууга негиз жоктугун, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов 21-октябрда Бишкекте өткөн күч түзүмдөрүнүн жыйынында билдирди. Бабанов мунун далили катары күч түзүмдөрүнүн башын бириктирген оперативдүү штаб натыйжалуу иштеп жатканын белгиледи:

- Бардык түзүмдөр бүгүнкү күндө мамлекеттеги тынчтыкты толук кандуу камсыз кылып жатат. Шайлоо күнү, шайлоодон кийинки күнү да мамлекеттин толук күчү бар. Мыйзам бузууга бирөөлөр барабыз десе, биз аларга жол бербейбиз.

ИИМге каражат жетишпейт

Шайлоо бюллетендери аймактарга жеткириле баштагандан бери кээ бир шайлоо бекеттеринде тартип күчөтүлдү. Бул тууралуу ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 21-октябрда парламенттин жыйынында билдирип, министрликтин өздүк курамы 25-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипке өтөөрүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, шайлоо күнү ар бир участкалык комиссияны ондон тартип коргоо кызматкери көзөмөлгө алганы турат. Анткен менен министр Зарылбек Рысалиев шайлоо маалында коопсуздук толук камсыз кылуу үчүн каражат жетишпей жатканын моюнга алды:

- Бүгүнкү күндө биздин жагдайды акча маселеси бир аз курчутуп жатат. Эгер 17, 5 миллион сом которулуп бериле турган болсо, анда биздин кызматкерлер коомдук тартипти шайлоо учурунда камсыздоого толугу менен даяр деп айтабыз.

Маалыматка ылайык, бул жолку шайлоо өнөктүгүн алты жарым миңдей милиция кызматкери жана элдик кошуундун 14 миңден ашуун өкүлү көзөмөлгө алмакчы.

Ал ортодо үгүт иштеринин жүрүшүндө дале болсо ар кыл алешемдиктер уланып жатканы кабарланууда. Маселен, “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” өңдүү уюмдар айрым талапкерлер үгүт маалында 7-апрелде набыт болгондордун дарегине акарат келтиргенин белгилешип, талапкерлерди эмоцияга алдырбоого чакырышууда.
Шайлоо күнү, шайлоодон кийинки күнү да мамлекеттин толук күчү бар. Мыйзам бузууга бирөөлөр барабыз десе, биз аларга жол бербейбиз.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабы да талапкерлерди сабырдуулукка жана үгүт маалында мыйзамды сактоого үндөөдө. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы үгүт иштеринин жүрүшүндө катталган 17 мыйзам бузуунун ичинен тогуз факт боюнча кылмыш иши козголду деп кабарлады.

Ушул маалда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмелерин борборлоштурулган системага киргизүү менен алектенүүдө. Жаңыланган тизме президенттик шайлоого үч күн калганда жарыяланамакчы. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG