Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

СССР-АКШ: 50 жыл мурда болбой калган согуш


CCCРдин лидери Н. Хрущев (солдо) жана АКШ президенти Жон Кеннеди Чыгыш-Батыш сүйлөшүүсүндө. Вена, 3-июнь, 1961
CCCРдин лидери Н. Хрущев (солдо) жана АКШ президенти Жон Кеннеди Чыгыш-Батыш сүйлөшүүсүндө. Вена, 3-июнь, 1961

Жаңы архивдик материалдар Кубадагы ракета кризиси кезде Үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгып кетишине бир карыштай гана калганын тастыктайт.

Жаңы жарыяланган архивдик материалдар 1962-жылдын октябрь айындагы 3 миң баракка жакын бул документтерди кризистин 50 жылдыгына байланыштуу ошо кездеги АКШ президенти Жон Кеннединин китепканасы жана музейи өткөн аптада интернетке чыгарды.

50 жыл илгери, 1962-жылдын октябрь айында дүйнөнү титиреткен СССР-АКШ арасындагы 13 күндүк атомдук тирешүүгө көптөгөн китептер жана фильмдер арналган. Бирок АКШ президенти Жон Кеннеди кризистин кесепетинен согуш чыгып кетсе, сүйлөчү сөздүн долбоору тарыхчылардын колуна эми гана тийди.

Даярдалып, бирок толук бүтпөгөн кайрылууда Кеннеди Кубанын территориясында СССР орноткон атомдук ракеталарды жок кылуу үчүн АКШнын аба күчтөрүнө сокку урганды “жүрөгү кыйналып жатып” буйруганы айтылат. Серепчилердин боолгошунча, кокус АКШ чабуулун баштаса, СССР каршы жооп берип, Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетмек экен.

АКШнын аскер кемеси СССР жалдаган жана Ливанда катталган жүк ташуучу Marucla кемесин Кубага бараткан жолунда кармап текшерүүдө. 26-октябрь, 1962
АКШнын аскер кемеси СССР жалдаган жана Ливанда катталган жүк ташуучу Marucla кемесин Кубага бараткан жолунда кармап текшерүүдө. 26-октябрь, 1962
Грэхэм Элиссон Гарвард университетинин алдындагы Бельфер борборун (Belfer Center for Science and International Affairs) жетектейт.

1960-жылдардын башындагы АКШ менен СССРди тирештирген Кубадагы ракета кризиси боюнча белгилүү адис:

- Бул документ Советтер Союзу Кубага атомдук дүрмөттүү ракеталарын жашыруун жайгаштырчу болсо, президент Кеннеди аны билгенден кийинки алгачкы 48 же 72 саатта жооп ирети кабыл алчу чараларды бажырайтып жадыбызга салат. Ал ракеталарга абадан сокку урдурмак. Ал даярдалган сөзүндө анысын актоога аракет кылат... Бул жол атомдук согушка алып бармак.

Албетте, Жон Кеннеди даярдалган сөзүн дүйнөгө жарыя салып окуган жок. Анын ордуна АКШ президенти Кубаны деңизден камоого буйруду. Дүйнө эки чоң державанын тирешүүсүн демин ичине алып, мелтиреп карап турду. Советтик согуштук кемелер муну көрүп, тумшугун келген жолуна аргасыз бурду.

Ошондо 500 бомба урулгандан кийин америкалыктар Куба жерине чар тараптан басып кирмек. Кеннединин “Эгер биз барчу болсок, катаал чарага барабыз” деп жазып кеткен сөзү ошол 50 жыл мурда октябрда болбой калган чабуулга ишарат кылат.

СССР ал кезде Кубага 100гө жакын атомдук дүрмөттүү чакан ракетаны жайгаштырып койгонунан Вашингтон бейкабар эле. Бул ракеталар АКШнын чабуулун кайтарганга жана Кубаны астын-үстүн кылган чатак үчүн ашып-ташып жетмек.

Президент Кеннединин непада АКШ Кубадагы советтик ракеталарга кол салса, жалпы элге окулчу сөзүнүн жаңы жарыяланган тексти.
Президент Кеннединин непада АКШ Кубадагы советтик ракеталарга кол салса, жалпы элге окулчу сөзүнүн жаңы жарыяланган тексти.
Президент Жон Кеннединин өздүк китепканасынын директору Томас Путнам согуштун сүрү демейде президенттин сөздөрүн даярдачу жазмагерлердин калемин колдон түшүргөн деп боолгойт:

- Президенттин көпчүлүк сөздөрүн жана анын ракеталар табылганы жөнүндө дүйнөгө жасаган билдирүүсүн Тед Соренсон жазган. Ал, менимче, Жон Кеннедиге сөздү жазалбайм деп айткан. Ал АКШ басып кириш керек деп ойлогон эмес жана атомдук согушка алып барчу басып кирүүнү актаган сөздөрдү таба алган эмес. Менин оюмча, сөздү Улуттук коопсуздук боюнча президенттин кеңешчиси МакЖорж Банди жазган.

Өтө татаал дипломаттык сүйлөшүүлөрдөн соң Москва ракеталарды Кубадан чыгарып кетем деп сөз берет, ал эми Вашингтон Кубага кол салбайм деп убада кылат.

Архивдик материалдар Жон Кеннеди тарткан схемада анын кеңешчилеринин кимиси Кубаны камоого алганды, кимиси сокку урганды жактаганын, бирок алар кайсы бир чара оңдуу деп, бир бүтүмгө келе албаганын да көрсөтөт.

АКШнын чалгындоо кызматынын эми гана ачыкка чыккан документтери - Үчүнчү дүйнөлүк согушту тутантып жибере жаздаган Кубадагы ракета кризиси маалында президент Кеннеди кандай ойлонгонун, кандай кыжалатка түшкөнүн, андагы негизги оюнчуларды алаканга салып көрсөтөт.

АКШнын расмий өкүлү Кубада СССР жайгаштырган тактикалык ракеталар турган жерлердин абадан тартылган сүрөттөрүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө көрсөтүүдө. 28-октябрь,1962
АКШнын расмий өкүлү Кубада СССР жайгаштырган тактикалык ракеталар турган жерлердин абадан тартылган сүрөттөрүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө көрсөтүүдө. 28-октябрь,1962
Ошондо непада уруш чыгып кетсе, АКШда канча адам набыт болушу мүмкүн экенин президенттин иниси, юстиция министри Роберт Кеннеди жардамчы-кеңешчилери менен талкууланган экен. Грахам Элиссондун айтышынча:

- Роберт (Боббу) жарандарды коргоо боюнча, анын ичинде алар туура тапкан чара чабуул менен бүтчү болсо, кандай план ишке кирери тууралуу ага маалымат берилгенден кийин дептерине 42 миллион жана 90 миллион деп жазган. Бул эгер АКШ биринчи чабуул жасаса, канча америкалык жайран болот деп боолгогонго, эгер Советтер Союзу биринчи кол салышын күтчү болсо, 90 миллион америкалык өлөт деп тыянак жасаганга түрткү берет деп ойлойм. Бул ойлонуп көрсөңүз, акылга сыйбаган сандар. Мунун баары анын колу менен жазылып, асты сызылган.

Президент Кеннединин купуя сактоо мөөнөтү жетип, ачыкка чыгарылган иш кагаздары Кубанын лидери Фидел Кастрону мафиянын жардамы менен жок кылуу жана 1964-жылы Кубага басып кирүү планы болгонун да күбөлөйт.

XS
SM
MD
LG