Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

Түрк өкмөт башчысы Кыргызстанда


9-апрелде Кыргызстанга 2 күндүк иш сапары менен Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган келди.

Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү боюнча департаментинин башчысы Данияр Мукашевдин билдирүүсүнө караганда, Түркиянын өкмөт башчысы 9-10-апрелде Кыргызстанда расмий сапар менен болот. Ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев, төрага Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушат. Андан сырткары кыргыз-түрк стратегиялык кызматташуу боюнча кеңештин экинчи отурумуна жана бизнес форумга катышат.

"Кыргызстан менен Түркия соода байланышын чыңдайбыз, анын көлөмүн 1 млрд. долларга жеткиребиз" деп көптөн бери айтылып келет. Бирок өткөн жылы эки тараптуу соода 200 млн. доллардан араң ашкан. Түркиядан келип жаткан инвестициянын агымы да олуттуу эмес. 2012-жылы Кыргызстанга келген 520 млн. доллар инвестициянын 20 млн. долларын Түркия салган.

Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен ушул жылдын 13-январында барган
Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен ушул жылдын 13-январында барган
Соода байланышы жана инвестициялык кызматташтык ойдогудай өр алып кете албаса да, Кыргызстан менен Түркиянын жетекчилигинин ортосунда жакшы мамиле түзүлгөн. Мына ошол мамиленин таасиринен Анкара Бишкектин 51 млн. доллар карызын кечип, 106 млн. доллар насыя бөлдү. Антсе да 106 млн. долларды бүкүлү бербей, бөлүп-бөлүп берүүсү ишенбөөчүлүктүн илебин какты. Ошондуктан 10-апрелдеги сүйлөшүүлөр кандай натыйжа берет деген суроолор жаралууда. Анын үстүнө Кыргызстандагы саясатчылар, саясат таануучулар Эрдогандын Кыргызстанга сапарынын негизги максаттарынын бири - транзиттик борбордун тагдырына байланыштуу деп боолголоодо.

Талашка түшкөн борбор

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов стратегиялык кызматташтык боюнча кеңешти түзгөн мамлекеттер регионалдык, дүйнөлүк маселелерди бирге талкуулайт деп эсептейт. Демек транзиттик борбордун тагдыры талкууга түшөт деген Жекшенкулов, АКШ дүйнөлүк саясатта басымды Азияга коюуну чечкенин эске салат.

Вашингтондун бул жаңы саясатында "Манастагы" транзиттик борбор таасир эте турган орунга айланып турат. Экинчи жактан Орусиянын басымы күчөдү, натыйжада геосаясат аябай татаалдашып кетти дейт Жекшенкулов:

- Геосаясат өтө татаалдашып кетти. Азыр Бакиевдин убагында базаны чыгарам деп, анан кийин чыгарбай калып, транзиттик борбор түзүлөт деп чыккандай болуп турат. Ошондой абал түзүлүп жатат. Орусия тараптан да басым күчөп, тез-тез делегациялар келип, Батыштан да НАТОнун мүчөлөрү келип, ушундай болуп жатпайбы.

Жекшенкуловдун пикиринде, транзиттик борбордун тагдырын чечүүдө саясий элитага референдум аркылуу эл жардам бериш керек.

Саясат таануучу Марс Сариев Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүсүндө транзиттик борбор негизги маселе болот деп эсептейт:

- Менин маалыматым боюнча, Эрдоган Кыргызстанга сапарынын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушкан. Ошон үчүн транзиттик борбор боюнча талкуу болот. Түркия Кыргызстан менен ошол маселени чечкенге аракет жасайт. Сапардын негизги максаты да ушуга байланыштуу деп ойлойм. Себеби Түркия менен Кыргызстандын мамилеси жакын. Батыш Түркия аркылуу Кыргызстандын транзиттик борборго байланыштуу позициясын компромисстик вариантка жылдырууга аракет кылат деп ойлойм.

1-октябрь, 2012-жыл
1-октябрь, 2012-жыл
2009-жылы да АКШнын "Манастагы" базасы боюнча маселе чечилер алдында Түркиянын президенти Абдулла Гүл келген. Ал кездеги парламенттин мүчөсү Бегалы Наргозуев ошондо эл ичинде Абдулла Гүл кыргыз жетекчилигинин пикирин өзгөрттү деген пикир калган дейт. Бирок ал чындыкка жакын эмес. Анткени АКШнын өзүндө деле ал кездеги кыргыз жетекчилигине таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү болгон деп эсептейт Наргозуев. Ал эми азыркы кезде Түркиянын Алмазбек Атамбаевге таасири күчтүү деп, аны президенттин бул өлкөдөгү ишкерлик кызыкчылыктары менен байланыштырды.

Кыргызстан жетекчилиги 2014-жылдын орто ченинен тарта транзиттик борбор "Манастан" чыгарылыш керектигин билдирип келатат. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жергиликтүү маалымат каражаттарына жакында эле курган маегинде да мына ошол билдирүүнү бекемдеди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG