Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Орусия мигранттарга мамилесин катаалдатууда


Москвадагы мечиттердин бириндеги жума намаз, апрель, 2013.
Москвадагы мечиттердин бириндеги жума намаз, апрель, 2013.

Орусия бийликтери Сочи олимпиадасын утурлай сырттан келген мигранттарга мамилесин катаалдаштыраары айтылууда. Буга оболу келгиндер арасында кылмыштуулуктун арбышы да себепчи болгон. Бул күндөрү Орусиянын күч кызматтары мигранттар жыш отурукташкан жайларды тинтип жатышат.

Өткөн жума намаз учурунда Москвадагы намазканада 300дөн ашык киши кармалды. Полициянын кабарлашынча, жума күнү кармалгандардын 170и сырттан келген мигранттар. Алардын эмне себептен кармалганы айтылган жок. Ушуну менен быйыл Москва, Санкт-Петербургда үчүнчү жолу мигранттарды кармоо болуп жатат. 4-июнда Москванын полициясы шаардагы Черкизов базарынын тушунда жер астында курулган «шаарчадан» 200дөн ашык мыйзамсыз мигрантты кармаган. Келгиндер жер астындагы цехтерде кийим тигишкен. Андан мурунку аптада Москвада миңге чукул мыйзамсыз мигрант камакка алынган эле, алардын көбү Борбор Азиядан келгендер болчу. Арасында кыргызстандык мигранттар бар-жогу азырынча ачык айтыла элек.

Кыргызстандык кылмыш топтору - Москвада

Өткөн жумада Мамлекеттик Думада берген маалыматында Федералдык миграция кызматынын Москва башкармалыгынын башчысы Ольга Кириллова бүгүн миграциянын кулк-мүнөзү өзгөрүп жатканын билдирди. Анын айтуусунда, учурда Москвага келип жаткан мигранттардын арасында криминалга аралашкандар арбын. “Алар бул жерде да өз өлкөсүндөгүдөй кылмыш тобун түзүүгө аракеттенип жатышат”, - деп белгиледи Кириллова.

Айдын башында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Москвада жана Литвада кыргызстандык ишкерлерди жана мигранттарды тоноп жүрүшкөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган.

Орус бийлиги мигранттарга акыркы жылдары ийкемдүү мамиле жасап келди, эми мыйзамдардын катаалданышына мигранттардын да күнөөсү бар дейт Москвадагы “Ноокат” коомунун төрагасы Толкунбай Акматов:

- Өткөн жумада мен жашаган үйдүн короосунда үч-төрт кыргыз балдар пиво ичип, кыйкырып сүйлөп отурушкан. Мен аларга пивону үйүңөргө барып ичкиле, жигиттер десем, “ишиңиз болбосун” деп койду. Анан алардын бири мас болуп алып, терезенин түбүнө келип, “ишин бүтүрүп” жатканда квартиранын ээси чыгып, туура эмес жасап атканын эскертсе, жанындагы балдар менен кошо аны сабап салышыптыр. Натыйжада башка жашоочулар полиция чакырып, кыргыз балдарды кармап кетишти. Негизи орус эли чыдамдуу, токтоолугунан бизге окшогон мигранттардын ар кандай жорук-жосундарына чыдап келатышат. Бирок биз өзүбүздү ошого жараша алып жүрө албай атабыз.

Мигранттарга мамиле катуулай баштады

Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, акыркы төрт жылдын ичинде Орусияга сырттан келген мигранттардын саны 40% көбөйгөн. Алардын ичинде кыргызстандык мигранттардын саны тууралуу так маалымат жок. Расмий түрдө бүгүнкү күнү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 550 миң деп айтылганы менен, такталбаган маалыматтар боюнча, миллиондон ашуун.

Москвадагы кыргызстандык мигранттарга маалыматтык колдоо көрсөтүүчү “Байланышта” борбору жакында мигранттар тууралуу атайын маалыматтар топтомун түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Асылбек Эгембердиев “Азаттыкка” билдирди:

- Биздин борбор ачылгандан бери Орусиянын ар кайсы аймактарынан, а түгүл Бишкектен телефон чалгандардын саны миңге чукулдады. Алардын көпчүлүгү Орусияда мыйзамдуу иштөө үчүн кандай документтер зарылдыгын сурап чалышса, айрымдары жумуш табууга көмөктөшүүнү өтүнүшөт. Биздин борбор өзүбүзгө кайрылган адамдардын аты-жөнүн, жашын ж.б. маалыматтарын сактап калуу менен алардын кийинки тагдыры тууралуу да маалыматтарды топтоого аракет кылабыз. Бул маалыматтар мигрант мекендештерибиздин Орусияда мыйзамдуу иштөөсүнө шарт түзүү менен алардын укугун коргоо жагынан да чоң көмөк болот деп ишенем.

Орусия бийлиги мурда боордош саналган өлкөлөрдөн келип жаткан мигранттарга мамилесин акыркы эки жылда катаалданта баштады. Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары Борбор Азиядан келүүчү мигранттарга виза режимин киргизүүнү талап кылып чыгышты, ал эми расмий Кремль кыргызстандык жарандардын Орусияда ID карт менен жүрүүсүнө тыюу салынарын жарыялады. Ага ылайык, 2015-жылдан тарта кыргызстандык жарандар Орусияга жалпы жарандык паспорт менен гана кире алышат.

Социология илимдеринин доктору Антонина Носкова жарыялаган маалыматка ылайык, орусиялыктардын 72% “мигранттар жумушчу күчү катары иштешсин, бирок Орусияда туруктуу жашап калбасын” деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG