Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Ош: Бажы биримдиги ишкерлерди ойго салды


Кара-Суу базары Борбор Азиядагы ири базарлардын катарына кирет. 10-май, 2014-жыл.

Кара-Суу базары Борбор Азиядагы ири базарлардын катарына кирет. 10-май, 2014-жыл.

Кара-Суунун базарында иштегендер Бажы биримдигине кирүүдөгү шарттар жана кошулгандан кийинки жагдайлар тууралуу анча кабардар эмес. Ошого карабай мындагы соодагерлер бул уюм базардагы сооданы дээрлик токтотот деген пикирде.

Буга чейин коңшу өлкөлөрдүн чек ара блокадасынан жабыркаган базарга Бажы биримдигинен кийин кире турган чектөөлөр экинчи сокку болорун ишкерлер айтууда. Базардын жетекчилери өкмөткө сунуш бергенин айтса, адистер Кара-Сууну өнөр жай зонасына айлантуу аркылуу сактап калууга болорун айтышууда.

Кара-Суунун базарында көп жылдан бери соода кылган Саулет Өмүрзакова өкмөт Бажы биримдиги тууралуу элге кенен түшүнүк бербей эле, ага кирүүгө аракет кылып жатканына капа:

- Бажы биримдигине киргенде анын пайдасы кимге тиет, биз кандай киреше табабыз, кайсы иш кандай болот, эл кантип жашайт, өкмөткө, мамлекетке кандай пайда? Ушунун баары белгисиз болуп жатат. Эмнеге бийликтер мунун баарын ачык айтпайт. Элге келип, “силердин жашооңор оңолот, ишти бул жакка жүргүзгүлө” деген бир ооз сөзү жок да.

Кара-Суу базарында жалпы жонунан 7 миңдей контейнер, 400дөй соода жайлары бар. Алардын баары азыр кымгуут түшкөн учур. Базар негизинен Кытайдан келген товарларды коңшу өлкөлөргө реэкспорт кылат. Жакындан бери Түркиядан товар түз алынып келип жаткан. Соодагерлер бажы төлөмдөрү көбөйсө, ал жактардан товар ташып келүү азаярын айтышууда.

"Туратаи" базары элге Кара-Суу базары катары таанымал.

"Туратаи" базары элге Кара-Суу базары катары таанымал.

- Маселен, Түркиядан келген товардын килограммына 5 доллардан төлөйбүз. Анан ага өзүбүздүн 10% кошсок, товарга 7 доллар үстөк кошулат. Ал эми Бажы биримдигине киргенде ошол эле товардын килограммына 12 доллардан төлөйсүңөр деп бул жердеги жүк ташыган балдар айтышууда. Ага биз өзүбүздүн кирешебиз үчүн 7 доллардан кошобуз. Ошентип товар 19 долларга кымбаттайт. Маселен, азыркы 1000 сомдук кийим 1300-1500 сом болуп калат. Муну ким алат? Биз го эптеп алып келип сата беребиз, колунда акчасы жок элге убал болот. Эгер ушундай кымбатчылык боло турган болсо, биз неге Бажы биримдигине киребиз?,- деди Саулет Өмүрзакова.

Соодагерлердин айтымында, Кара-Суу базарындагы сатуучулардын айрымдары Бажы биримдиги тууралуу жакшы түшүнө беришпейт. Мындагы ишкерлердин дагы бири Хусанбай Хамраев мындай деди:

- Өзбекстан менен Тажикстан жабылганда бизге абдан оор болгон. Ал жактан келе турган көп сандагы кардарлардан кур калганбыз. Анда бир сокку болсо, эми Бажы биримдиги Кара-Сууга экинчи сокку болобу деп чочулап турабыз. Товар кымбаттап кетсе эл албай калат, биздин бизнесибиз өлөт. Банктардан алган насыяларыбыз бар, аларды кантип төлөйбүз билбейм. Кээ бир сатуучулар күнүмдүк соодасы менен эле алек. Бажы биримдиги деген не, ага киргенде базар не болорун билбеген соодагерлер деле бар. Алар ошо товарын сатса, акча тапса болду, базарга келип-кетип жүрүшөт да.

Манас Үсөнов.

Манас Үсөнов.

Кара-Суу базары деп жалпы айтылган менен азыр бул жай 32ге бөлүнүп кеткен. Анын ар биринин өз-өзүнчө базаркому бар. Азырынча алар чогуу Жол картасын түзүүгө өкмөткө сунуштарды бергенин айтат. Бөлүктөрдүн эң чоңу “Туратали” базарынын жетекчиси Манас Үсөнов буларга токтолду:

- Кара-Суу жана “Дордой” базарларын өнүктүрүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Анан ошонун негизинде биз базардын жетекчиликтери бийликтерге сунуштарыбызды бергенбиз. Бул жерде да соодагерлер бөлүнөт. Чоң сумманы айланткандар бар, орто товар жүгүрткөндөр жана реализаторлор. Бажы биримдигине кирүү ар катмарга ар кандай таасир этүүсү мүмкүн. Биз ушул жагдайларды эске алып, бул Бирликке кирүүдө ишкерлерге финансылык жана шарт жагынан көмөк керек болоорун өкмөткө айтканбыз. Азыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда макулдашуу кетип атпайбы, биздин сунуштар так ошол талкууларда эске алынат. Анан калган тагдырыбыз ошол Жол картасы кабыл алынгандан кийин билинет.

Кантсе да адистер Борбор Азиядагы ири базарлардын бири болгон Кара-Суу базарынын кийинки тагдыры бийликтерди ойлондурушу керек деген пикирде.

Эксперт Эркин Абдыразаков базарды жок дегенде соода жана өнөр жай зонасына айлантуу менен кармап калууга мүмкүн экенин белгилейт:

Кара-Суу базарындагы соодагер.

Кара-Суу базарындагы соодагер.

- Кытайдын болобу, же Орусиянын болобу инвестициясын туура пайдаланып, Кара-Сууда контейнерлерди эле сала бербей, бош жаткан жерлерге кийим тигүүчү цехтерди, кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, жумуш орундарын түзүшүбүз шарт. Алар мамлекеттик буйрутмаларды аткарууга басым жасап, анан өзүнүн иштерин Бажы биримдигине киргенден кийин да мыктылап алып кетүүсүнө өкмөт колдоо көрсөтүшү керек. Бул базарлар азыр Кытайдан арзан бажы төлөмдөрү аркылуу көп товарды тегеретет. Эгер Бажы биримдигине кирсек, анын баары токтойт. Анан Кара-Суу базарында иш дээрлик жүрбөй калат. Ошол себептүү чоң жоготууларга дуушар болорубуз чын. Көп нерселердин наркы көтөрүлөт, аймактарда өзгөчө азык-түлүк 13% чейин кымбаттайт.

Абдыразаков ошондой эле, базарды өнүктүрүүдө башка жагдайлар да унутта калбашы керектигин кошумчалайт:

- Бажы биримдигине кирдик деп эле, жакынкы Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай менен алакабызды унутуп калбашыбыз керек. Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык деп коет. Себеби, жашылча-жемиш болобу, жер семирткич болобу, биз ушулар аркылуу болуп келгенбиз, боло беребиз. Мамлекеттик эч кандай документ менен биз ушул коңшу элдер менен болгон мамилебизди бууп кое албайбыз. Калк арасында карым-катнаш улана берет. Ошол себептүү биз ушул өлкөлөр менен да катышыбызды тез арада жакшыртуубуз кажет.

Оштун Кара-Суу базарында буга чейин 15-20 миндей адам түздөн түз иштеп, тирилик кылчу. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара чатактарынан кийин, алардын саны эки эсеге кыскарган. Эми Бажы биримдигине кошулгандан кийин бул адамдардын соодасы кандай болору азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG