Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Аз улуттар ЕККУнун көз кырында


Оштогу лөлүлөрдүн кыштагы.
Оштогу лөлүлөрдүн кыштагы.

ЕККУнун улуттук азчылыктардын иши боюнча башкы комиссары Астрид Торс кыргыз бийлиги менен аз сандуу этностордун укугун камсыздоо маселесин талкуулады.

Астрид Торс айым айрыкча аз улут өкүлдөрүн өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна аралаштыруу жана алардын күч түзүмдөрүндөгү катышын көбөйтүү маселесин көтөрдү. Аны кабыл алган президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан улуттук азчылыктын укугун коргоо боюнча өзүнө алган милдеттемелерди так аткарып жатканын белгиледи.

Этностордун саясий жана жарандык укугу

Президент Атамбаев ЕККУнун башкы комиссары кабыл алып, өлкөдө жүрүп жаткан этникалык саясаттын негизги багыттары менен тааныштырды. Атамбаев жалпы жарандык аң-сезимди калыптандыруудагы этностор аралык мамиленин өзгөчөлүгүнө токтолду.

ЕККУнун башкы комиссары Астрид Торс айым.
ЕККУнун башкы комиссары Астрид Торс айым.

Өз кезегинде Астрид Торс айым улуттук азчылыктын укуктарын коргоо жана алардын өлкөдөгү саясий турмушка аралашуу жараянына кызыкты. Буга чейин Астрид Торс айым өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттук азчылык иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Накен Касиев менен жолуккан.

Накен Касиев бул жолугушууда көтөрүлгөн улут саясатындагы тең салмактуулук маселеси боюнча мына буларга токтолду:

- Бизде жогорку бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында улуттук азчылык өкүлдөрүнүн катышы 15 пайызга жетип калды. Эми алар аз болсо дагы министрликтер менен агенттиктерге кызматка тартылып жатат. Бул боюнча айтып бердим. Анан Астрид Торст айым билим берүү тармагындагы тестирлөөнүн шарттары жана андагы тил маселесине кызыкты. Биз бул багытта тиешелүү иштер жүрүп жатканын айттык. Негизи эле тең салматуулук жана тең укуктуулук маселесине өзгөчө басым жасалды.

Кыргызстан БУУ жана ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алдында улуттук азчылыктын укугун камсыздоо багытында милдеттеме алган. Ар жыл сайын башка мамлекеттердин өкмөттөрү сыяктуу эле кыргыз өкмөтү дагы этностор аралык мамиле боюнча эл аралык коомчулуктун алдында баяндама жасап турат.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн өкүлү Айзада Игебаева вице-премьер-министр Маматалиев башкы комиссар менен жолугушууда туруктуулукту бекемдөөдөгү улуттук азчылыктын кызыкчылыгын коргоо маселесине өзгөчө басым жасаганын белгиледи:

- Ал айым мамлекеттин күч түзүмдөрүндө иштеген, армияда кызмат кылган улуттук азчылык өкүлдөрүнүн катышы тууралуу сурады. Вице-премьер-министр улуттук азчылык өкүлдөрүнүн бул укугу абдан маанилүү экенин айтты. Бирок ошол эле кезде алардын каалоосу башка маселе экени белгиледи. Бул багытта бизде бир топ иштер жүргүзүлүп жатат. Чындыгында улуттук азчылык өкүлдөрү армияда кызмат кылып, күч түзүмдөрүндө же башка бийлик органдарында иштөөсүнө өлкөдө шарттар түзүлгөн.

Армияга баргысы келбеген, бийликке тартылбаган азчылык

Бирок Кыргызстанда улуттук азчылык өкүлдөрү армияга кызмат өтөөгө барбашы, алардын күч түзүмдөрүнө же башка бийлик органдарына тартылбай жатышы ЕККУнун буга чейинки баяндамаларында белгиленип келген. Улуттук азчылыктын мындай камыр-жумур болбой калышынын бир топ себептери белгиленип келет.

Бул туурасында талдоочу Абдумомун Мамараимов мына буларга токтолду:

- Бүгүнкү күндө улуттук азчылык өкүлдөрү бийлик органдарында, айрыкча күч түзүмдөрүндө өтө эле аз санда. Анан буга бийликте отурган айрым жетекчилердин “башка улуттун өкүлдөрүн бийликке, айрыкча күч түзүмдөрүнө тартуу мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирет” дегендей көз карашы бар экенин байкадым. Бул туура эмес көз караш. Тескерисинче улуттук азчылык өкүлдөрү кызматка тартылса алардын бийликке, мамлекетке болгон ишеними артмак. Анан калса улуттук азчылык өкүлдөрүнүн бийликке барууга же саясатка аралашууга өздөрүнүн дагы кызыгуусу төмөн. 2010-жылдан кийин, мисалы үчүн өзбек тектүү жарандар бийликке барууга же саясатка баруу ниетинен кооптонуп турганын байкоого болот.

ЕККУнун улуттук азчылык иштери боюнча башкы комиссары Астрид Торс Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарында болмокчу. Анда башкы комиссардын этникалык азчылыктын жана жергиликтүү бийликтин күлдөрү менен жолугушуулары белгиленген.

XS
SM
MD
LG