Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:53

Ош: сурамжылоодон ынтымак ыдырайбы?


Оштогу кыргыз жана өзбек улутундагы тургундардын чогулушу.

Оштогу кыргыз жана өзбек улутундагы тургундардын чогулушу.

Ош шаарында жашаган өзбек коомчулугунун өкүлдөрү кайрылуу жасап, жашоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдарга нааразылык билдирди.

Алардын пикиринче, улуттук азчылыктарга байланыштуу анкета чагымчыл маанайды көздөйт жана эми жарашып келаткан эки элди бөлүп-жарууда. Ошол себептүү алар мындай сурамжылоолорду жүргүзбөөгө чакырууда. Ал эми бейөкмөт уюмдар бул иликтөө тескерисинче улуттар аралык кагылыштардын алдын алуу үчүн жасалып жатканын айтышат.

Оштогу Өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Рашидхан Ходжаев жашоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдардын максаты түшүнүксүз экенин жана буга өзбек коомчулугу нааразы болуп жатканын айтууда. Анын пикиринде, мындай сурамжылоолор этникалык бөлүнүүгө негиз болуп берүүдө:

- Анкетадагы суроолордун жакшысы да, кыжырга тие турганы да бар. "Улуттук азчылыктар кыйналбай жашап атасыңарбы, Кыргызстанда этностор аралык мамиле кандай болуп калды, силерге дискриминация болуп жаткан жокпу, кыргыз тилин сүйлөгөндөн кыйналып жаткан жоксуңарбы?" деген соболдор. Мунун жообу эми кандай болушу мүмкүн? Адамдар азыр жумушсуз, баары кымбат, газ жок, анан ушуларды эске алып “ооба, кыйналып жатам” деп жооп берип койсо кандай болот? Соңунда “Ошто улуттар аралык мамилелер начар, этникалык топтор кыйналып жатат, кыргыздар өзбектерди кыйнап атат экен” деген жыйынтык чыгып жатпайбы. Азыр ким кыйналбай жатат, Кыргызстанда жашаган бардык эл кыйналып жатат да.

Рашидхан Ходжаев ошондой эле, бул аракеттердин баары чагымчыл маанай жыттанып атат деп кошумчалады:

- 2010-жылдагы калабадан кийин эми гана ымала бекемделип жаткан учурда ушул сыяктуу сурамжылоолор кайра бөлүнүүгө жол ачууда. Биз эл арасындагы ынтымакты бекемдөөгө чет элдиктердин аралашуусун каалабайбыз. Экономикалык маселелерге саясий же, улуттук боек берип, андан саясат чыгаруу туура эмес. Ошол себептүү бейөкмөт уюмдар мындай сурамжылоолорду токтотсун деп талап кылып жатабыз. Кыргыз-өзбек кылымдардан бери ынтымакта жашап келген, мындан кийин да жашай берет. Аны келип сурамжылоо кылып, ортобузга кайра от жаккандын кереги жок.

Кеп болуп жаткан сурамжылоо USAID жана Freedom House эл аралык уюмдарынын каржылоосундагы “Кыргызстандын түштүгүндөгү азчылыкты түзгөн этностордун укуктарын коргоо жана ишке салуу” аттуу иликтөөнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан.

Он беш чакты суроодон турган сурамжылоого пикирлерди Ошто “Эдвокаси” борбору топтоп аткан. Алар бул иштин аркасында эч кандай чагымчыл маанай жоктугун, бирок маселенин юридикалык жактары аныкталмайынча комментарий бербесин айтышты. Ал эми Freedom House уюмунун атын атагысы келбеген өкүлү, аларга карата каршылыкты атайын бир топтор уюштуруп жатканын, ал ошол сурамжылоонун жыйынтыгынан корккон тараптар экенин кыйытты.

Деген менен бул сурамжылоонун максаты этностор аралык кагылыштардын алдын алуу экенин тастыктаган бөйөкмөтчүлөр да бар. “Интербилим” уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева мындай деди:

- “Дискриминация көрүп аткан жоксуңарбы, кысым болуп жаткан жокпу?” деген суроодон эмнеге коркушубуз керек? Бул туптуура эле жүргүзүлүп жаткан сурамжылоо. Анткени Кыргызстанда улуттар аралык мамилелер кандай болуп калды, этностор аралык мамилени чыңдоо боюнча агенттиктин иши кандай жүрүп жатат, же болбосо эки элдин ынтымагын чыңдоо үчүн кандай иштерди жасашыбыз керек деген нерселерди ушул сурамжылоо аркылуу гана биле алабыз. Анан бул жерде 15 суроодон көп суроо бар, ичинде “элдин ынтымагын чыңдоо үчүн эмне кылышыбыз керек?” дегендей маанидеги суроолор да бар. Анан эми бул суроолор берилип атканда бир эле аз улут өкүлдөрүнө эмес, жалпы коомчулукка берилип жатат. Маселен, мен бейөкмөт уюмдун жетекчиси катары, же кимдир бирөө журналист, эксперт, университеттин окутуучулары жооп беришет.

"Ушул сыяктуу сурамжылоолор жана иликтөөлөр мамлекет жүргүзүп жаткан Улут аралык мамилелерди чыңдоо стратегиясынын жыйынтыктарын да аныктап берет" деп белгилейт Мамасалиева:

- Анан аз улут өкүлдөрү дегенге бир эле өзбектер кирбейт да. Ошто орустар, түрктөр, татарлар бар, балким дискриминация ошолорго карата да болуп калышы мүмкүн. Анүстүнө сурамжылоонун жыйынтыгы али белгисиз. Балким дискриминация жок, улут аралык мамиле эң сонун деп жыйынтык чыгып калаар. Ошого карап бейөкмөт уюмдар иш-планын түзөт. Же болбосо мамлекет элдин ынтымагын чыңдоо саясатын ушуга карата жүргүзөт.

Ошол эле кезде бул сыяктуу иликтөөлөрдү өткөрүүнүн зарылчылыгы жок эле дегендер да бар. Оштогу аймактык башкармалыктардын биринин жетекчиси Базарбай Сөлпүев буларга токтолду:

- Сурамжылоонун максаты жакшы эмес, анын артында бир чоң жылан жатат.“Сеним уруп атабы, сени тиги минтип атабы?” деп сурасаң, ал ойлонбой туруп, же тамашалап деле “ооба” деп коюшу мүмкүн да. Анан чылпагын алам деп, көзүн оюп алгандай болуп калбайбы. Андай терс суроолорду берүүнүн өзү туура эмес деп эсептейм. Эгер ошондой коркутуу болуп атса, же бирөөнү бирөө кемсинтип атса, барып күч органдарына кайрылсын. Эгер чындап зордук-зомбулук көрсөтсө, ошону жасаган кишилер жоопко тартылсын. Бирок анан ошонун баарын кылбай эле, чет элдик уюмдарга арыздана берүүдөн эмне чыгат?

Канткен менен сурамжылоо боюнча Ош кызуу талаш-тартыштар жүрүп жаткан учуру. Күч органдары болсо бул документтен азырынча эч кандай мыйзам бузуу табыла электигин айтышууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG