Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Жалал-Абад: июнь окуясына төрт жыл...


12-июнь, 2014-жыл. Жалал-Абад.
12-июнь, 2014-жыл. Жалал-Абад.

Бүгүн Жалал-Абадда 2010-жылы июнь окуяcында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы Бишкек-Ош жолунун боюнда болуп өттү.

Июнь коогалаңында Жалал-Абадда 78 адам каза болгон. Базар-Коргон районунан Аскар Караевдин бир тууган иниси да ошондо көз жумган. Караев өмүрдөн улуу эч нерсе жок экенин белгилеп, июнь окуясына тиешелүү адамдар толугу менен кармалып, жазасын албай жүргөнүнө токтолду. Каргашага айыпталып, сот тарабынан эркинен ажыратылгандан кийин камакта отурган кылмышкерлерге мунапыс берүү жөнүндөгү айрым кызмат адамдары менен укук коргоочулардын сунуштарын четке какты;

- Бул окуя капилет чыкты. Ойлогон да, түшүбүзгө да кирген эмес эле. Боордош бир тууган элбиз, тилибиз, дилибиз бир, ичибизде котур ташыбыз жок. Көңүлүбүз ачык, кең пейил, айкөл эл экенбиз. Болоор иш болду, боёосу канды. Ошол карагашада элди элге тукуруп, кутум жасаган экстремист – сепаратисттердин азырга чейин өз жазасын албаганы бизди аябай өкүндүрөт. Биздин мамлекетибизде экинчи ирет мындай тарыхтын кара тагы кайталанбасын! Кыргыз эли бир нече миң жылдык тарыхка ээ. Эл өзүн өзү басты. Эсибизге келели! Жанагы бузуку, ичи арам, койнунда котур ташы бар, кагыштырып коюп качып кеткендердин тилине мындан кийин кирбейли, туугандар. Айрым саясатчылар абакка кесилгендерге мунапыс берип, чыгаралы дейт. Жок, алар тиешелүү жазасын аягына чейин өтөсүн. Издөөдө жүргөн тарых кечирбей турган кара мүртөз адамдарды жоопко тартып бергиле.

Анткен менен облуста июнь окуясына шектүү кырк бир кишиге эл аралык издөө жарыяланган. Алардын жетөө кармалып, соттолгон. Калган отуз төрт адамды издөө иши улантылууда. Издөөдө жүргөн айрым адамдарды Кыргыз Республикасы менен келишимдин жоктугуна байланыштуу алар баш калкалап жүргөн өлкөлөр берүүдөн баш тартууда. Облус прокурору Кылычбек Токтогулов алардын ичинен төрт кишинин Орусияда кармалып тургандыгын билдирди;

- Алардын экстрадиция болуп келбей жаткан себеби, экөө Орусия Федерациясынын жарандыгын алышкан. Дагы экөө биздин аракеттерди сотко бергендиктен соттор карап жатышат. Ошон үчүн алар кармалып турушат.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Марапат Балтабаеванын төрт жыл мурдагы каргашада күйөө баласы Жамалдин Низомов көз жумган. Жамалдиндин артында калган үч жашар кызын Марапат Балтабаева багып алган. Ал күйөө баласынын өмүрүн кыйгандардын жоопко тартылып же тартылбаганын эстей албады;

- Күйөө бала жыйырма беш жашта болчу. Кызымдын мүлкү күйдү. Издешкен жок. Кызы туулгандан бери менин колумда. Кызым турмушка чыгып кетти.


Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, июнь окуясы боюнча козголгон 954 кылмыш иштин ичинен токсон үчүнүн бети ачылган. Ал эми адам өлтүрүү окуясы боюнча козголгон отуз үч кылмыш иштин тогузунун бети ачылган. Калган жыйырма эки кылмыш ишинин бети ачыла электигин Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Мелис Шералиев билдирди;

- Издөөдө жүрүп, кармалып келген жети адамдын ичинен үчөө соттолуп, чечим чыгарылды. Калгандары Орусияда же башка мамлекеттерде жүрүшөт. Кармалгандарды экстрадициялоо маселеси азыркыга чейин чечиле элек. Алардын арасында, былтыр же мурдагы жылы кармалгандар да бар.

Эскерүү каадасында июнь курмандыктарынын арбагына багышталып куран окулду. Алар үчүн турган эстеликке гүлчамбар коюлду.

2010-жылдын 11-июнуна караган түнү Ош шаарында кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда тутанган чатак улут аралык чоң жаңжалга айланып, анын эпкини кошуналаш Жалал-Абад облусуна чейин жеткен. Расмий маалыматтарда бул каргашадан 426 киши курман болуп, 35 киши дайынсыз жоголгону, дагы жүздөгөн кишилер жаракат алганы айтылып келет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG