Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

"Вечерний Бишкек": телеканалдар отко май чачтыбы?


"Вечерний Бишкек" гезити
"Вечерний Бишкек" гезити

“Медиа Полиси” фонду “Вечерний Бишкек” басылмасынын айланасындагы чыр боюнча мамлекеттик телеканалдар көрсөткөн тасма боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Фонд Коомдук телеканал, “Пирамида” жана 5-канал көрсөткөн сюжетте бейтараптуулук сакталбай, буюртманын негизинде даярдалган болушу мүмкүн деп жүйө келтирүүдө.

“Медиа Полиси” фонду тараткан билдирүүдө Коомдук телеканал, "Пирамида" жана 5-каналдан көрсөтүлгөн берүүдө журналистиканын негизги принциптери сакталбаганы айтылат. Анда “Вечерний Бишкектин” айланасындагы абал боюнча автору көрсөтүлбөгөн бир эле материалды аталган телеканалдар бир нече жолу эфирден кетиргени белгиленген. Мындан улам түзүлгөн кырдаалга өз тынчсыздануусун билдирип чыкканын фонддун жетекчиси Бегайым Үсөнова “Азаттыкка” кабарлады:

- Бул автору белгисиз, 24 мүнөткө созулган бир эле сюжет мамлекеттик жана коомдук телеканалдардан көрсөтүлгөн. Муну менен катар экинчи тараптын пикири эске алынбай, абалга бир тараптуу баа берилген. Мындай сюжет мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлбөшү керек болчу. Алар жок дегенде журналистиканын базалык критерийлери болгон тактык, бейтараптуулук жана булактарды ачык көрсөтүү менен чагылдырышы зарыл эле. Ошондуктан бул каналдарга кандайдыр бир басым жасалган жокпу деген тынчсыздануубузду билдирдик. Муну менен коомчулукка мындай материалдар басымдын негизинде жасалышы мүмкүн экенин айткыбыз келди.

Коомдук телеканалдын имараты
Коомдук телеканалдын имараты

Үсөнова сюжеттин көрсөтүлүшүн “Вечерний Бишкектин” айланасында жүрүп жаткан сот жараянына басым катары баалады. Ошондой эле өлкөдөгү жалпы маалымат каражаттарынын кадыр-баркына шек келтирип, ишенимди азайтышы мүмкүн экенин кошумчалоодо.

“Жалганга негизделген бизнес” деп аталган сюжет ушул айдын башында жогорудагы үч каналдан көрсөтүлгөн. Анда “Вечерний Бишкектин” айланасындагы чырга сереп салынып, гезиттин учурдагы кожоюну Александр Ким бир тараптуу сынга алынган. Бул чырдан пайдаланып, оппозициянын айрым мүчөлөрү Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууну көздөп жатканы айтылган эле.

“Медиа Полисинин” билдирүүсүн Коомдук телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков четке кагууда. Карыпбеков медиа уюмдун бул сюжет боюнча пикири бир тараптуу болуп калганын айтып чыкты:

- “Медиа Полиси” институтунун репортаж боюнча позициясын карап чыктым. Алардын позициясы да объективдүү эмес. Ал жерде жалпысынан бул программа стандарттарга төп келбейт деп айтып коюптур. Бирок кандай стандарт, кайсы эрежени бузганы тууралуу сөз жок. Эгер алар эл аралык журналистиканын эрежелерин жакшы билсе, кайсы сөз, кайсы учурда кандай болуп бузулганын тагыраак көрсөтсө болмок экен.

Ошол эле учурда Карыпбеков телеканалдарда көрсөтүлгөн сюжетте журналисттик принциптер, бейтараптуулук сакталган деп эсептейт:

- Учурда “Вечерний Бишкек” бул чыр боюнча азыркы жетекчилигинин гана кызыкчылыгын коргогон материалдарды байма-бай берип жатат. Алар учурда соттошуп жаткан адамды (Рябушкин) “аракеч” дегенге чейин барды. Ал кандай гана адам болбосун өз чындыгын айтууга укуктуу. Ошондуктан КТРК ал адамдын да, “Вечерканын” да пикирин көрсөтүүгө даяр. Ал эми биздин эфирден эмне көрсөтүү кетсе, анын юридикалык жагына да, моралдык жагына да жооп берүүгө даярмын.

Илим Карыпбеков бир эле сюжеттин үч каналдан көрсөтүлүшү боюнча суроого сюжет алгач ирет Коомдук телеканалдан кеткенин, андан соң башка каналдар көчүрүп көрсөтүшү мүмкүн экенин четке какпайт.

Аталган сюжет көрсөтүлгөн 5-канал жана "Пирамиданын" жетекчилиги суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңеши “Вечерний Бишкек” басылмасы боюнча КТРК эфиринен кеткен материалдардын объективдүүлүгү жана бейтараптуулугун кийинки аптада талкуулары белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров билдирди:

- Бул боюнча “Вечерний Бишкек” бизге кайрылды. Кийинки аптада жыйын өткөрүп, талкуулайлы деп жатабыз. Анда тиешелүү баа берилет.

“Вечерний Бишкектин” айланасындагы чыр былтыр күзүндө башталган. Басылманын мурдагы негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган.

Эркин Мамбеталиевдин басылманы сотко бергени маалым болду
Эркин Мамбеталиевдин басылманы сотко бергени маалым болду

Мындан соң басылма президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, басылманы рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген.

Бирок Фарид Ниязов бул ишке тиешеси жок экенин айтса, Илмиянов курулай каралоо жүрүп жатканын билдирип, бул кайрылуудан соң өз арызы менен кызматынан кеткен.

Эркин Мамбеталиев болсо кадыр-баркыма шек келтирди деп, “Вечерний Бишкекти” сотко бергени айтылган эле. Бүгүн Мамбеталиевдин басылмадан 50 миллион сом талап кылып жатканы белгилүү болду.

Мындан сырткары Александр Рябушкин «он беш жылга жакын мыйзамдуу үлүшүмдү бербей келген» деп “Вечерний Бишкектин” кожоюну Александр Кимден 15 миллион доллар доо талап кылууда. Учурда бул арыз дагы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG