Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

Быйыл Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым күч алганын ЖМК кызматкерлеринин кесиптик уюмунун жетекчиси Мэри Бекешова “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Азаттык”: Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалына кабатырлануу башталгандай. “Медиа полиси” институту башкы прокурордун журналистти сотко берүүсүн Баш мыйзамга каршы деп билдирди. “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн айланасындагы болуп жаткан окуялар да мындай кабатырланууга негиз бергенсийт. Сиз бүгүнкү сөз эркиндигинин абалына кандай баа бересиз?

Бекешова: Жаңы жылда “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигин тогуз тепкичке көтөрүп, “барган сайын сөз эркиндиги күч алып жаткандыгын” билдирген эле. Бул түшүнүктүү. Анткени ар бир жолу бийлик алмашкан сайын эйфория болуп, сөз эркиндиги кеңейет. Анан убакыт өткөн сайын кайрадан кысым боло баштайт.

2015-жылдын февраль айынан тарта Кыргызстанда сөз эркиндигин кысуу күчөй баштады деп айтсак болот. Мыйзам чыгаруу жаатында мыйзамдын негизинде сөз эркиндигин кысуу, журналисттерге кылмыш ишин ачуу, өлкөдөгү бирден-бир кирешелүү маалымат каражатын кайрадан колго алуу аракеттери күчөп жатат. Менин баамымда бул сөз эркиндигин түздөн-түз мындан беш жыл мурдагы абалына алып баратат.

Дайыр Орунбеков

Дайыр Орунбеков

“Азаттык”: Журналист Дайыр Орунбековдун үстүнөн башкы прокурордун сотко кайрылып жатышын да мурдагы бийликтердин тушундагыдай эле көрүнүшкө теңеп жаткандар бар. Сиз кандай дейсиз?

Бекешова: Албетте бул эки тараптын кармашы деп айтууга болбогон көрүнүш. Бул деген мамлекеттик чоң машина – Башкы прокуратура катардагы бир журналистти доого жыгуу үчүн президенттин атынан сотко кайрылып жатат. Бул жерде сот тарабынан да калыстык, бейтараптык болот деп айтуу кыйын.

Бул эле учур эмес, биздин кесиптик кошуунга көп журналисттер кайрылат. Алардын арасында соттошуп, сот чечимдерине нааразы болуп, жогорку сот бутактарына чейин баргандары, таптакыр утулуп калган журналисттер бар. Журналисттер ошонун баарында сот системасынын көз каранды экенин жон териси менен сезген тенденция байкалат. Мисалы, журналисттер менен соттошкондордун көпчүлүгү саясатчылар, бизнесмендер, депутаттар. Алардын алдында журналисттер алсыз болуп жатышат. Анткени бизде сот системасы алдуу-күчтүүлөрдүн, аткаминерлердин айтканын кылып, камчысын чаап келген.

“Азаттык”: Ошол эле учурда журналисттердин өздөрүнө да, башкаларды айтпайын, кесиптештери тарабынан эле коюлуп келаткан айыптоолор бар. Мисалы, интернетте “Антиөрдөк” деген кыймыл жок жерден түзүлгөн эмес. Айрым кесиптештер сөз эркиндигинен ашкере пайдаланып жиберди деп айтууга болобу?

Бекешова: Бизде сөз эркиндиги ашыкча берилди деп деле эсептебейм. Бизде маалымат каражаттарына жарык көргөн бир нерсе жакпаса, аны журналисттин өзү менен сүйлөшүп, чечишип ал деген жобо бар. Бирок журналист менен териштирип алуу жараяны өзү калыс, бейтарап жүрүшү керек.

Журналисттер өздөрү туура эмес жазып, аша чаап кетет деген пикирлердин деле чындыгы бар. Бирок менин пикиримде бул табигый процесс. Ал процесстен жүрүп отуруп, бара-бара журналисттер өздөрү туура эмес маалымат берүүдөн качып, ар тараптуу чагылдырылган чындык маалыматтарды берүүгө аракет кылып калышат. Чектей бергенде болсо, тескерисинче оң натыйжа чыкпайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG