Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Эл аралык Чек арасыз кабарчылар уюму 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин рейтингин чыгарды. Кыргызстан 88-орунду ээледи.

Сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан 2013-жылы 97-орунда, 2012-жылы 106-орунда болчу. Ал эми коңшу жана жакын мамлекеттерден Тажикстан 116, Орусия 152, Казакстан 160, Өзбекстан 166, Кытай 176, Түркмөнстан 178-орундарга илинген.

Рейтингдин алдыңкы сабында Финляндия, Дания, Норвегия сыяктуу Батыш өлкөлөрү бар. АКШ 49-орунда.

Рейтинг өлкөдөгү плюрализм, ММКлардын көз карандысыздыгы, цензура, мыйзамдуулук, ачыктык жана инфраструктура боюнча сурамжылоо жүргүзүү аркылуу түзүлөт.

Кыргызстан жыл санап рейтингде жогорулап баратышына медиа тармакты мыкты билген адамдар эмне дейт? Өлкөдө чынында эле сөз эркиндигинин абалы жакшырып баратабы? Ага кимдин салымы бар?

Күркөлөрдө гезит саткандар, же такай телевизор алдында отургандар медиа ишмери болбосо да андагы абалды мыкты билишет эмеспи. Гезит-журнал саткан Гүлмира айым өз байкоолору менен бөлүштү:

- Эркин эле, каалагандай эле жазып атышат го. Кайсы журналисттерди кысып атканын билбейм. Бир жыл мурда өзү жөнүндө жаман жазгандарды жыйнап кеткендер болуп калчу. Азыр андай жазгандар жок го дейм.

Медиа эксперт Мэри Бекешова рейтингге ишенет жана салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги жылдан-жылга оңолуп баратканын айтат. Журналисттердин кесибине болгон жоопкерчилиги да өсүп баратканын белгилейт:

- 2010-жылга чейин жагдай аябай оор болгон. Андан кийин сөз эркиндигинин абалы кадыресе өстү десек болот. Бирок сөз эркиндигинин абалы аябай жакшырып кетти дегенге болбойт. Ал үчүн дагы иштеш керек. Мисалы, журналисттер көп учурда мамлекеттик органдардагы маалыматтарды ала албайт. Андан тышкары, ММКлар кайсы бир саясатчы, же бизнесмендин кол алдында иштешет. Алар каалайбы-каалабайбы ошол кишинин камчысын чабышат. Өзүнчө иштейли десе ошол гезитти, же журналды эл сатып алып, акча төлөп окуганга даяр эмес.

Көчөдөгү гезит сатуучу

Көчөдөгү гезит сатуучу

Калемпир.кж порталынын жетекчиси, журналист Эрнист Кыязов да 2010-жылга чейинкидей журналисттерди сабап, а тургай өлтүрүп кеткен окуялар болбосо да сөз эркиндигине кысым бар деп эсептейт:

- Эркин маалымат каражаттарынын кантип жазганы, деңгээли өзүнчө тема. Бирок,аларга кысым дагы деле бар. Мисалы, жакында эле Дайырбек Орунбеков деген журналистке президенттин өзү прокуратурага көрсөтмө берип атканынын буга далил. Маалымат каражаттары, журналисттер эркин болуп атса, ал бийликтин эмгеги эмес. Ал элдин, коомчулуктун демократияга болгон маанайынын жемиши.

Канткен менен Кыргызстандын коңшуларынын арасынан эң демократиялуу жана ачык делген Казакстанда медиа тармагындагы абал көңүл жылытарлык эмес. Рейтингде Казакстан 160-орунда. Анын себебин казакстандык саясат талдоочу Айдос Сарым мисалдар менен түшүндүрүп берди:

Айдос Сарым

Айдос Сарым

- Жакында Украинадагы жагдайды колдоду деп оппозициялык “Адамбол” журналы жабылды. Жаап гана тим болбой, айып төлөөгө мажбурланды. Аймактарда да ошондой жагдай бар. Казакстандык сайттар Сирия боюнча же болбосо, казак бийлигине жакпаган маалымат жазган болсо аны чектеп, эч ким кире алгыс кылып коёт. Азыр бизде бир-эки оппозициялык гезит бар. Бирок бир дагы оппозициялык теле же радио жок.

Ошол эле учурда Кыргызстанда деле акыркы убакта бийлик органдары тарабынан журналисттерди ооздуктоо аракеттери бар экени айтылып жүрөт. Мисалы, өткөн жылы кылмыш жасаган деп атайылап жалган маалымат тараткан адам сот жообуна тартылат деп мыйзамга өзгөртүү киргизилген.

Мындан тышкары парламентте журналисттердин кийимдери талапка ылайык болушу керек, алар жаман маалымат чыгарса тескеш керек деген депутаттардын пикирлери айтыла жүрөт. Өз кезегинде саясатчылардын адамдык беделине шек келтирип, маалымат жазган журналисттер да жок эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG