Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

Кыйноого кабылган Автандил чындык издейт


Автандил Тынышов Бишкектеги №4 ооруканада жатат. 23-июнь, 2015-жыл
Автандил Тынышов Бишкектеги №4 ооруканада жатат. 23-июнь, 2015-жыл

Таласта милиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылып, саламаттыгы начарлаган Автандил Тынышов акыйкаттык издеп, укук коргоочуларга кайрылды.

Күч органдары маселе териштирилип бүтмөйүнчө, бир пикир айтууга эрте экенин белгилешүүдө. Ал арада адилеттик издеген жаран негизсиз кордук көрсөткөн милиция кызматкерлери жазага тартылбаса, өзү чара көрүүгө мажбур экенин айтууда.

Таластагы Жон-Арык айылынын тургуну, мал чарбасы менен алектенип жүргөн Автандил Тынышов азыр Бишкектеги 4-шаардык ооруканада жатат.

Бир буту сынган, экинчи буту көк ала. Денесинин башка жерлеринде да келтектен калган тактар бар. Ал мунун баарын Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылганын белгилейт. “Милиция менен бир жылдан берки тирешимдин натыйжасы ушул болду”,- деген Автандил окуяны башынан сүйлөп берди:

- Былтыр 23-майда милиция кызматкерлери мени көчөдөн эле кармап, мал уурулукту моюнума алууга мажбурлашкан. Ошол күнү райондо бирөөнүн бир нече кою жоголуптур. Аны менден көрүп атышкан экен. Милиция бөлүмүнө алып келишип, “кой уурдаганым чын, жарымын ээсине кайтарып, жарымын бир туугандарыма бердим” деп жазылган түшүнүк катка кол коюуга мажбурлашкан. Айтканына көнбөй койсом, ур-тепкиге алышкан. Алар мас болчу.

Маалыматтарга караганда, кийин жоголгон койлор башка бирөөнүн короосунан табылган. Күч кызматкерлери түшүнбөстүк болуп кеткенин айтып, кечирим сурашкан. Бирок жок жерден милиция токмогуна кабылган Автандил ооруканада он беш күндөй дарыланып чыккандан кийин прокуратурага кайрылган:

- Ошондон кийин милиционерлер үйүмө чейин келип, элдешүүнү суранып атышты. Акча да сунушташты. Мен ага болбой, баарын сот чечерин айттым. Кой уурдабаганымды, баары түшүнбөстүктөн улам болгонун белгилешти. Бирок ошол учурда келтектен өлүп калсам эмне болмок? Бир жылдан бери менин арызымдын негизиндеги текшерүү аягына чыкпайт. Такыр эле сотко жетпей койду. Быйыл 5-июнда кечинде тоого кетип бараткан элем. Жол четинде турсам, мени урган милиция кызматкерлери машинеден түшүп, “карма-карма” деп мага жакындай баштады. Артыман бирөө келип машиненин монтировкасы менен чапканда, кулап түштүм. Анан экөө колуман кармап турду, бирөө тизеге алты-жети жолу ошол темир менен урду. “Жакшылыкча ишти бүтүр, болбосо мындан да жаман болот” деп айтышты. Талгат, Фархат аттуу милиция кызматкерлерин таанып калгам. Башкалары эсимде жок.

Автандил азыр баса албайт. Ооруканада аны карап жаткан баласы Аман атасын ушул абалга жеткирген милиция кызматкерлерине чара көрүүсүн жогорку бийликтерден суранат:

- Мыйзамды коргоп жаткан кишилер ушул ишти жасап атса, башкалар эмне кылмак? Жөнөкөй жарандарды соттоо, камоо оңой. Эмне үчүн атамды сабаган милиция кызматкерлери камалбайт. Эмнеге биздин Кыргызстанда ушундай?

Учурда окуяны “Кылым шамы” укук коргоо уюму иликтөөдө. Уюмдун кызматкери, укук коргоочу Рысбек Адамалиев билдиргендей, Автандилди алты милиция кызматкери сабаган. Азыр алардын үчөөнүн үстүнөн гана кылмыш иши козголду:

- Автандил бир эмес, эки жолу милициянын зомбулугуна кабылды. Эки жолу тең ошол эле кишилер сабады. Бул боюнча кылмыш иши ачылган, бирок уруп-сабоого алты киши катышканы менен, үчөөнө гана кылмыш иши козголуп, калганы иштеп жүрөт. Алар тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылбайт, деп ким кепилдик берет? Бул барып турган башаламандык.

Бул боюнча Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тагай Нусупов комментарий бере албастыгын айтты. Ал эми Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя прокуратура тарабынан териштирилип жатканын, баары тергөөнүн жыйынтыгында аныкталарын билдирди.

XS
SM
MD
LG