Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Кыйноо боюнча милицияга доомат арбын


Кыйноо боюнча кайрылуулардын 60 пайызы тартип коргоо органдарынын дарегине келип түшкөн.
Кыйноо боюнча кайрылуулардын 60 пайызы тартип коргоо органдарынын дарегине келип түшкөн.

Акыйкатчы институту жарандардан келип түшкөн миңдеген арыз-даттануулардын негизинде атайын иликтөө жүргүздү.

Акыйкатчы институту жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, өлкөнүн убактылуу кармоочу жайларында кылмышка шектүү жүздөгөн адамдар мыйзамсыз жатканы жана алардын алгачкы кармалган күндөрү кыйноого кабылганы дайын болгон.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, комитет төрайымы Наталья Никитенко кыйноого каршы иштебей жатат деп милицияны сынга алды. Ички иштер министрлиги бул дооматтарга макул эмес.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин маалымат жыйында билдиргени боюнча, өткөн жылы аталган мекемеге 15 миңден ашуун арыз-даттануу түшсө, алардын 60 пайыздан ашыгы жабык жайлардагы мыйзам бузуу боюнча кайрылгандар. Акыйкатчы институтунун атайын иликтөөсүнө ылайык, өлкөдөгү убактылуу кармоочу жайларда кылмышка шектүү жүздөгөн адамдар мыйзамсыз кармалып турганы дайын болгон. Ошондой эле көбүнүн иши сотто каралбай создугуп жатканы аныкталган. Буга байланыштуу атайын баяндама даярдалып, Жогорку Кеңешке жолдонду.

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

- Кайрылуулардын 60 пайызы тартип коргоо органдарынын дарегине келип түшкөн. Чындыгында утурумдук тергөө абактарында ондогон бейкүнөө адамдар отурат. Алар козголгон кылмыш иш боюнча качан тергөө бүтөт же башталат деп күтүп отура берип ден соолуктарынан айрылууда. Буга байланыштуу бизде далилдер жетиштүү.

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы, депутат Наталья Никитенко кыйноого каршы күрөш өтө жай жүрүп жатканын кошумчалады. Ал милиция кызматкерлеринин арасында жоопкерчиликке тартылып, кыйноого байланыштуу жазасын алгандар дээрлик жок экенин сынга алды.

- Тилекке каршы, тартип коргоо органдары, бейөкмөт уюмдар кыйноо фактылары бар экенин моюнга алганы менен Ички иштер министрлиги бул берене боюнча кылмыш ишин козгогон эмес. Биздин комитетке да бир топ арыздар түшөт. Кыйноонун алдын алуу, каршы күрөшүү багытында прокуратура аздыр-көптүр иштерди жасап жатат. Ал эми Ички иштер министрлигинде жарандарды кыйнаганы үчүн жоопко тартылган учур дээрлик жок экен. Башкача айтканда, ички тазалоо, ички көзөмөлдөө системасы абдан жай иштеп жатат. Ачыгын айтканда, өз кызматкерлерин жазалабайт. Мыйзамды бузган кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигин кой, административдик жазадан да качышат.

Ички иштер министрлиги мындай сын-пикирлерге макул эмес. Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, кыйноо боюнча 20га жакын факт прокуратура органдарына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз милициясы.
Кыргыз милициясы.

- Министрлик бул багытта көп эле иштерди жүргүздү. Ички иштер органынын өздүк коопсуздук кызматы 20 чакты фактыны аныктап, материалдардын бардыгы топтолгон. Ага юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанда жабык жайлардагы укук бузуу, кыйноо кеңири тараган көрүнүш. 2008-жылы БУУнун кыйноого каршы конвенциясына кошулгандан кийин, бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган эле. Өткөн жылы Кыйноого каршы улуттук борбор түзүлүп, ага абактагы мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу милдети жүктөлгөн. Ошого карабай, жабык жайларда кыйноого кабылган учурлар катталып жатканын укук коргоочулар айтып келишет. Мисалы, 2011-жылдын декабрь айында Жайыл районундагы кылмышка шектелип кармалган Жибек Исакова өзүн милиция кызматкерлери уруп-сабаганын айтып берген эле.

- Бизди кармаган учурда милициялар аябай сабашкан. Эки күн сабагандан кийин түшүнүк кат жаздырышты. Түшүнүк катты алардын айтуусу менен жаздым. Моюнума алганымды видеого тартып алышты.

Жогорку Кеңеш 11-декабрда адам укуктары боюнча өкмөттүк күн өткөргөнү жатат. Анда ушул маселеге тиешеси бар бардык органдар өз иштери туурасында маалымат беришет.

XS
SM
MD
LG