Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:01

Кыйноого айыптуу милицияларга өкүм чыкты


Милиция. 25-июль, 2012-жыл.
Милиция. 25-июль, 2012-жыл.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун эки аймактык инспекторун Ноокен райондук соту кыйноо беренеси боюнча 11 жылга эркинен ажыратты.

Базар-Коргондун аймактык инспекторлору Асанбай уулу Нурбек менен Шекербек Эрматов тергөөдө керектүү көрсөтмөлөрдү алуу үчүн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аеосуз кыйноого алган. Бул факт боюнча Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан кыйноолорду жана мамиле жасоонун катаал түрлөрүн колдонгон деп козголгон кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыкты. Тактап айтканда, аймактык инспекторлор Асанбай уулу Нурбек менен Шекербек Эрматов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жашы жете элек өспүрүмдөргө күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн кыйноого алышкан.

Абжалиев кошумчалагандай, соттолуучулар сот залынан дароо камакка алынган. Бир райондо жасалган кылмыш боюнча соттук териштирүүнү башка райондо жүргүзүү соттук тажрыйбада кеңири колдонулат.

Милиция кызматкерлеи.
Милиция кызматкерлеи.
Кыйноо беренеси боюнча милиция кызматкерлерин 11 жылга эркинен ажыратуу бир гана прокуратуранын эмес, мамлекеттин кыйноодон арылууга болгон алгачкы кадамы. Мындай пикирин “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова ортого салды. Анткен менен укук коргоочу өлкөнүн жабык жайларындагы кыйноолор азайбаганын, тескерисинче милиция мурда жарандардын денесине так калтырып кыйнап келсе, эми болсо тартип сакчылары кыйноонун далилдөөгө оңойго турбаган ыкмасына өтүп алышкан.

- Азыр милициялар адамдардын денесине көгала калтырбаган, бирок адамды майып кылып кое турган түрүн колдоно башташты. Бул өтө опурталдуу жана аларды жазага тартуу да кыйын. Мисалы, кармалгандардын башына пакет кийгизүү ар бир милиция бөлүмүндө колдонулуп келет. Колун кишендеп, баштарына баштык кийгизип эстеринен тандыртышат. Эси ооп жыгылганда кайра муздак суу куюшат. Противогаздарды кийгизип, анын түтүкчөсүнөн тамекинин түтүнүн үйлөшөт. Бул ыкмалардан адамдын жаны аябай кыйналат, бирок денеде эч кандай так калбайт.

Абдрасулованын маалыматы боюнча буга чейин кыйноо беренеси менен Токмок милициясынын кызматкерлери 6 жылга шарттуу түрдө соттолуп, жазадан оңой-олтоң эле кутулуп кетишкен. Андыктан милиционерлердин аталган берене боюнча абакка узак мөөнөткө кесилиши алгач ирет катталып отурат.

Деген менен ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов айрым тартип сакчыларынын терс аракеттери аркылуу жалпы милиция кызматкерлерине көө жабуу туура эмес деген пикирде. Анын ишендиришинче, өкүмзор кызматкерлердин жазага тартылышына ИИМ жетекчилиги да кызыкдар.

- Эгер милиция тарабынан жасалган кыйноо фактылары аныкталып, алар жазага тартылса биз каршы эмеспиз. Биз тескерисинче колдойбуз. Жүздөгөн милициянын маңдай тер төккөн жакшы ишин бир-эки милиционер жууп салып жатат. ИИМ азыр мурдагыдай эмес, колу кир кызматкерлерден тазаланууга аракет кылып жатат.

Абактагы кыйноо кеңири жайылган көрүнүш.
Абактагы кыйноо кеңири жайылган көрүнүш.
Күч органдары тергөө учурунда күнөөнү өкүмзордук менен моюнга алдыруу адатынан дагы деле арыла электигин акыйкатчы Бакыт Аманбаев байма-бай айтып келет. Ал жакында эле Каракол башаламандыгы боюнча камакка алынгандарды кыйноо фактысына көз жумган Башкы прокуратураны сотко берип, утуп чыккан. Аманбаев милициянын азыркы өкүмзордугу авторитардык режимди эске саларын айтууда.

- Кыргызстанда милициянын кыйноо фактылары боюнча абал оор бойдон калууда. Айрым тартип коргоо органдары тарабынан мурдагы эле авторитардык Акаев менен Бакиевдин заманындагыдай эле уланып жатат. Маселен, өткөн жылы кыйноо фактысы боюнча расмий түрдө тартип коргоо органдарына 303, Акыйкатчы институтуна 57 арыз келип түшкөн. Бул катталгандары гана, арыз жазбагандары канча?

Башкы көзөмөл органынын маалыматына таянсак, 2012-жылы прокуратура органдарына кыйноо жана мамиле жасоонун катаал түрлөрү боюнча 371 кайрылуу түшүп, 31 кылмыш иши козголсо, былтыр 265 арыз келип, анын 18ине кылмыш иши ачылган. Прокуратура кыйноо фактылары жыл сайын азайып баратканын айтканы менен эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстанда кыйноо кагаз жүзүндө эле азайбаса, иш жүзүндө андай эместигин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG