Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев абактагы кыйноолор боюнча Башкы прокуратура чара көрбөгөндүктөн мекемени сотко берип, утуп алды.

Башкы көзөмөл органы болсо азырынча соттун чечими боюнча эч кандай пикир билдире элек.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Кыргызстанда күч колдонуу менен күнөөсүн мойнуна алдыруу же абакта жаткандарды кыйноо фактысы күчөгөнүн айтып, буга өлкө жетекчилигин көңүл бурууга чакырганы белгилүү. Ал март айынын башында Кумтөр кенине каршы башаламандык уюштурган деп камакка алынгандардын бири Наристе Калчаевдин арыздануусунун негизинде абалды текшерүүнү Башкы прокуратурадан суранган. Бирок Башкы прокуратура мында эч кандай кылмыштын жана мыйзам бузуунун белгиси жок деген негиз менен текшерүүдөн баш тартканына байланыштуу ал башкы көзөмөл органын сотко берген:

- Акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын негизинде Башкы прокуратуранын жогорудагы чечимин сотко бергем. Биринчи май райондук соту эки жумадан бери бул ишти карап, териштирип, тиешелүү фактыларды көрүп, 2-апрелде “Башкы прокуратуранын кыйноо боюнча териштирүүнү токтотуу тууралуу чечими мыйзамсыз, бул иш кайрадан козголуп, териштирилүүгө жатат" деген чечим чыгарып берди.

Каракол шаарында өткөн митинг. 7-октябрь, 2013-жыл.

Каракол шаарында өткөн митинг. 7-октябрь, 2013-жыл.

Башкы прокуратура азырынча сот чечими боюнча кандай аракеттер жасары белгисиз. Аталган көзөмөл органынын маалымат катчысы Сейитжан Апышевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча сот чечими Башкы прокуратурага келип түшө элек:

- Соттун чечими келип түшкөндөн кийин гана андан аркы кадамдар белгилүү болот.

Башкы прокуратура күч кызматкерлери тарабынан кыйноолор азайды деген пикирди карманып келет. Аталган органдын маалыматы боюнча өткөн жылы кыйноолор боюнча кайрылуулар мурунку жылдагы даттануулардын дээрлик үчтөн бирине гана барабар болсо, Акыйкатчы институту акыркы жылдары Башкы прокуратура тарабынан кыйноо фактысы боюнча күч кызматкерлерине козголгон кылмыш иштеринин саны 1,5 эсеге көбөйгөнүн белгилөөдө. 2013-жылы кыйноо фактысы боюнча келип түшкөн 208 арыздын негизинде козголгон 11 кылмыш иши милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон.

Жабык жайларда жана укук коргоо органдарындагы олуттуу укук бузууларга көңүл бурулбай, көп учурда көз жумулуп кала бергенин укук коргоочулар да белгилеп келишет. Алардын бири, белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова күч кызматкерлери тарабынан жасалган кыйноолорго көз жумганы үчүн Башкы прокуратураны сотко берген. Кыйноолор боюнча иликтеп жүргөн укук коргоочулардын бири Абдымомун Мамараимов күч кызматкерлери тарабынан кыйнап мойнуна алдыруу учурларынын азайбай жатышына прокуратура органдары мындай фактылар боюнча жумшак мамиле кылып жатканы себеп деп эсептейт:
Бишкектеги абак.

Бишкектеги абак.

- Чындыгында прокуратура органдары кыйноого кабылган кишилер же ошол фактылар боюнча укук коргоочулар кайрылса, ал арыз-даттанууларга жакшы көңүл бурбайт. Негизинен “ошол факты боюнча кыйноо болгону аныкталган жок” деген жооп менен гана чектелип калып жатышат. Ошондой эле бүгүнкү күнү кайсы бир кылмышка шектелип кармалгандар күчтүү адвокат жалдай албаганы жана сот тарабынан алар кыйноо менен мойнуна алган фактылар далил катары кабыл алынганы үчүн кылбаган кылмышты кылды деп айыпталып, камалып кетип жатышат.

Өткөн жылы БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин мүчөлөрү кыргыз бийлиги зордук-зомбулукту азайтуу үчүн мыйзамдарын жакшыртып жатканы менен, абал оң жакка өзгөрбөгөнүн белгилешкен.

Быйыл дагы Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Женевада өткөн 110-сессиясында өлкөдөгү адам укугу боюнча маалымат берген. БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин мүчөлөрү акыркы маалымат боюнча март айынын аягында өз баасын бермек.
Акыйкатчы буга чейин Башкы прокуратураны сотко берерин билдирген болчу.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG