Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Кыйноо: жабык жайлардагы абал жакшырган жок


Абакта олтургандардын көбү күнөөнү кыйнап моюнга алдырышканын айтат.

Абакта олтургандардын көбү күнөөнү кыйнап моюнга алдырышканын айтат.

Түрмө, убактылуу тергөө абагы, балдар үйү жана психиатриалык оорукана өндүү жабык жайларда адам укугун жакшыртуу боюнча былтыркы сунуштардын теңинен көбү аткарылган жок.

Мындай тыянак Бишкекте 11-декабрда жабык жайлардагы абал боюнча талкуу маалында айтылды. Анда эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы кыйноолор боюнча отчету жарыяланды.

Мыйзам жакшырды, бирок абал ошол бойдон

Өткөн айда БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин мүчөлөрү кыргыз бийлиги зордук-зомбулукту азайтуу үчүн мыйзамдарын жакшыртып жатканы менен, абал оң жакка өзгөрбөгөнүн айтып сынга алган.

Ушул тушта Чүй облусундагы №31 абакта отурат Уланбек Акматжанов 2011-жылдын этегинде телефон уурдады деген айып менен 7 жылга кесилген экен. Ага чейин эки ирет түрмөдө отуруп чыккан Акматжанов жаза мөөнөтүнө макул болбой бардык жерге арызданса да, жооп албаганына нааразы:

Бишкек. №47 абак, 28-декабрь, 2011-жыл

Бишкек. №47 абак, 28-декабрь, 2011-жыл

- Ошто СИЗОдо дээрлик 11 күн ачкачылык кармадым. Акыйкатчыларга арыз жазгам. Бардык нерсе мыйзам чегинде каралса мага жети жыл бербей эле, “бейбаштык” деген эле айып коюлушу керек эле.

Абакта отуруп алып Акматжановго окшоп арыз жолдогондор арбын.
Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулардын жаңы иликтөөсү жабык жайлардагы абал, кыйноого байланыштуу соңку жагдай өзгөрбөгөнүн көрсөттү.

“Фридом Хаус” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Аскат Дүкөнбаевдин айтымында, мамлекеттик мекемелер кызматташууга ынтызар болгону менен чечилбеген маселелер көп:

- Жаза аткаруу кызматы жана башка мамлекеттик мекемелердин баары эле ачык. Мониторинг жүргүзгөнгө бардык шарттарды түзүп берип жатат. Бирок башка тараптан алып караганда кырдаал оор. Бул союздан калган система да, тамыры жайылып кеткен. Үстүн өзгөрткөн менен кайра эле пайда боло берет. Ошол тамырын кыркыш керек болуп жатат. Бейкүнөө да, күнөөсү үчүн соттолгондор да бар. Бирок алардын баары биздин жарандарыбыз. Аларга адамгерчилик көрсөтүшүбүз керек. Өнүккөн мамлекеттердин системаларын карап, ошондой кылып жакшыртуубуз керек.

Акыйкатчынын орун басары Токтокан Боромбаева кесепет менен күрөшпөстөн, себепке көңүл буруу керек, алдын алуу чаралары болушу шарт деген пикирге кошулат. Учурда Акыйкатчы институту тартип коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмышка шектелип кармалгандарга мамилесин өзгөртүү боюнча окутуп жатат:

- Үч жыл ичинде 100дөн ашык киши кыйноо боюнча арызданып кайрылды. Бирок тилекке каршы, биз прокуратурага арыз жазсак, көбүнчө "тастыкталган жок" деген жооп келет. Кээде биздин кызматкерлер ошондой сабоо болгонун өз көзү менен деле көрүп келишет. Бирок андай жагдайды юридикалык жактан далилдеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу кыйын болуп жатат.

Кыйноо - бардык жерде...

Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Гүлмира Ибраева психиатриалык ооруканалардагы абалга токтолду. Анын айтымында, аталган министрлик жагдайды жакшыртуу жолдорун издеп жатат:

- Материалдык-техникалык базанын начардыгына байланыштуу, каражат тартыштыгынан дарыланып жаткандардын жашоо-шарты ойдогудай болбойт. Биз азыр ооруканалардагы керебеттердин санын азайтып, бейтаптардын өздөрү жашаган жеринде дарылануусуна шарт түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Психикалык мандеми бар адамдар жеринде, туугандарына, үйлөрүнө жакын дарыланса натыйжалуу болот экен. Бул дагы адам укугун коргоо аракети.

Армиядагы "дедовщина" да кыйноого кирет

Армиядагы "дедовщина" да кыйноого кирет

Жабык жайлардагы жагдайды жакшыртуу максатында “Кылым шамы” укук коргоо борбору 2011-жылы Акыйкатчы институту жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек кеңсеси менен атайын меморандумга кол койгон. Азыр болсо меморандумга киргендердин саны жыйырмадан ашты жана алардын алтоо министрлик, мамлекеттик мекемелер.

“Кылым шамынын” төрайымы Азиза Абдирасулова бул документтин алкагында иштер алгылыктуу болуп жатканын айтууда. Учурда атайын кызмат менен Коргоо министрлигин да кошуу керек дейт укук коргоочу:

- Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында адамдарды уруп-сабоо, укугун бузган учурлар көп кездешип жатат. Коргоо министрлигиндеги “дедовщина”, жоокерлердин өлүмү менен бүткөн кайгылуу окуялар көп кездешип жатат. Балдар майып болуп калууда. Ошондуктан биз аларды былтыр да чакырганбыз, быйыл да чакырганга аракет кылабыз.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар 11-декабрда жабык жайлардагы кыйноолорду азайтуу боюнча жыйында бийликтин бардык бутагына, тиешелүү министрлик, мамлекеттик мекемелерге жаңы сунуштарды берди. Кылмышка шектелип кармалган, балдар үйүнө түшкөн, психикалык жактан жабыркап ооруканага жаткан адамдар коргоого муктаж экенин эскертти.
XS
SM
MD
LG