Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Кыйноолорго каршы өзүнчө орган керекпи?


Татарстандагы полициянын кыйноосуна кабылган жаран (атайын камерадан тартылган сүрөт)
Татарстандагы полициянын кыйноосуна кабылган жаран (атайын камерадан тартылган сүрөт)

Башкы прокуратуранын кыйноолорго каршы тобун өз алдынча органга айлантуу демилгеси козголууда.

Укук коргоочулар муну менен көптөгөн зордук-зомбулукка тиши өтпөй жаткан мекемеге басым кыйла азаярына үмүттөнүп жатат. Ошол эле учурда прокуратура кыйноолорго каршы иш ансыз да эч кимге көз каранды эместигин, абал мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир топ жакшырганын белгилөөдө.


Кыйноону кантип тыябыз?


Ушул күндөрү Бишкекте кыйноолорго каршы атайын көз карандысыз орган түзүүнүн алгачкы кадамдары талкууланып жатат. Ага укук коргоочулар, башкы прокуратура, күч кызматтарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары катышууда.

Кеп буга чейинки түзүлгөн байкоо салуучу же текшерүүчү уюм эмес, иликтөө, кылмыш ишин козгой ала турган прокуратурадай атайын орган түзүү тууралуу болуп жатат деп түшүндүрдү алгачкы жумушчу топтун катышуучусу, “Эркиндик үнү” коомдук фондунун жетекчиси Сардар Багышбеков:

- Прокуратура иш козгоп, териштирип жатпайбы. Ошол сыяктуу эле орган болушу керек. Эл аралык тажрыйбаларда бул орган өзүнчө мекеме, же прокуратуранын астында, бирок ага көз каранды эмес башкармалык. Ушул жолдор талкууланып жатат.

Ошол эле учурда укук коргоочу Сардар Багышбеков Кыргызстанда мындай органды түзүү эртерээк кылаарын, азырынча оптималдуу версия катары Башкы прокуратурада учурда иштеп жаткан башкармалыкты прокуратуранын негизги структурасынан дистанциялоо керектигин айтат.

“Бир дүйнө” укуктук кыймылынын башчысы Төлөйкан Исмаилова да кыйноолорго каршы күрөшүү тобун прокуратурадан таптакыр бөлүү керек дегендерге кошулат. Укук коргоочу көзөмөлдөө же байкоо салуучулар канчалык тактап далилдеп берген күндө да дал ошол кыйноолорду жашырган прокурорлор жазадан кутулуп кетип жатышканын айтат:

- Прокуратураны да көзөмөлдөш керек болуп жатат. Прокуратура эч качан өзүн эффективдүү иштете албайт. Буга президенттин, парламенттеги коалициянын батыл саясий чечими керек.


Кыйноону тосуудагы тоскоолдуктар


Башкы прокуратура болсо кыйноолорго каршы иш алып баруунун жол-жоболору 2011-жылдагы атайын жол картада так белгиленгенин билдирип келе жатат. Жыйынга катышып жаткан прокуратура өкүлү Урмат Карыпбеков былтыр кыйноолор боюнча элүүдөн ашуун факт катталып, 18 кылмыш иши козголгонун, 2014-жылдын төрт айында 7 кылмыш иши козголгонун белгилеп, иштин алдыга жүрүүсүнө жарандар өзү тоскоолдук жаратып жатканын ачыктады:

- Бул жагдайда иш алып барууга жарандар өзүлөрү да бизге жардам берсе. Анткени акыркы учурларда алар арыз жазганы менен, убакыт өткөндөн кийин, берген көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан учурлар көп болууда. Мындай учурда биздин ишибизге бир топ тоскоолдуктар болуп жатат

Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча атайын орган түзүү боюнча коомдук талкууларды уюштуруп жаткан “Тянь-Шань” аналитикалык борборунун жетекчиси Канат Султаналиев жаңы орган толугу менен көз каранды болгондо гана кыйноолорду аныктоо жана жазалоо иштери сезилээрлик жүрмөк деген пикирде:

- Бул орган толугу менен көз каранды болуусу учун айрыкча каржылык жактан эркин болушу шарт. Менимче, каржылоо эл аралык уюмдар тарабынан болсо бул ишке ашат.

Быйыл март айында акыйкатчы Бакыт Аманбаев абактагы кыйноолор боюнча Башкы прокуратура чара көрбөгөндүктөн мекемени сотко берип жеңип алган.

Акыйкатчы Кыргызстанда күч колдонуу менен күнөөсүн мойнуна алдыруу же абакта жаткандарды кыйноо фактысы күчөгөнүн айтып, буга өлкө жетекчилигин көңүл бурууга чакырган.

Human Rights Watch уюму жана БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы өз баяндамаларында кыргыз өкмөтүнүн кыйноолорду алдын алуу багытында көргөн чараларына, реформаларына карабай, камак жайларда бул көрүнүш али кеңири жайылган бойдон калып жатканын белгилеп келет.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG