Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Эл аралык Мунапыс уюму Орусия менен катар Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кыйноолорду айыптаган билдирүү таратты.

Мунапыс уюму жаңы отчетунда Орусияда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө террордук айып коюлгандар менен катар, исламчыл топторго мүчө деп шектелгендерге кыйноо жана кордоо ыкмалары колдонулуп жаткандыгын эскертти.

Уюм мындан тышкары Азербайжандагы блоггер, активист, адвокаттарды кошкондо 23 кишини “саясий айыпкер" деп тааныды.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча баш өкүлү Жон Далхуйсен:

- Азербайжан жеткен чегине жетти го ойлоп жатсак, бийликтер андан да катуу кетишти. Бул өлкөдө активист, журналист, саясий оппозиция лидерлери, айтор кимдер гана азапка кабылбады, - деп айтты.

Уюм Кыргызстан боюнча кыйноо жана башка мыйзам бузуу айыптоолоруна карата таасирдүү чара көрүлбөй жатканын сынга алды.

Кыргызстанда камак жайларын көз карандысыз көзөмөлдөө программасы кабыл алынып, кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн. Ошого карабастан кыйноолор токтой элек. 2014-жылы апрелде Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары комитети Кыргызстандын отчетун караганда да ушул жыйынтыкка келген. Комитет 2010-жылдын июнь айындагы улуттар аралык калабанын толук жана таасирлүү иликтенбегенин эскерткен.

Мунапыс уюму отчетунда Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюму аталган шаардын убактылуу камак борборун текшергени барганда каттоого алган эки учурду мисал катары келтирген. Текшерүүчүлөрдүн катарында болгон дарыгер кыйноонун белгилерин документтештирген. Кармалгандардын бири тартип коргоочулар аны сабап, башына желим баштык кийгизишкенин, кийинки күнгө чейин радиаторго колунан чынжырлап коюшканын билдирген. Кыйноонун натыйжасында анын башына доо кеткен. Экинчи киши аны ичке тебишип, башка китеп менен ургулашканын айткан.

"Справедливость" уюму алардын арыздарын Жалал-Абад шаарынын прокуроруна тапшырган. Шаардык прокуратура арыздануучуларга эки медициналык текшерүү дайындаганы менен, кылмыш ишин ачуудан баш тарткан.

2014-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияга карата үч жолу өкүм чыгарып, эгер Орусиядан этникалык өзбектер Кыргызстанга өткөрүлсө, алар кыйноого дуушар болушу мүмкүн деп айтылган.

Отчетто Кыргызстанда кыйноо сейрек иликтене тургандыгы белгиленген. Өткөн жылдын биринчи жарымында, өлкөнүн Баш прокуратурасына 109 арыз түшкөн менен, алардын тогузу гана тергелип, үчөө сотко жеткен. Алар да жыл бүткөнгө чейин аягына чыккан эмес.

2013-жылы Бишкектеги Свердлов райондук соту кыйноого жол берген тартип коргоочу Адилет Мотуевди алты жылга кескен. Бирок экинчи инстанциядагы сот аны былтыр толугу менен актап, уруксатсыз тергөө жүргүзгөн деген жаңы кине менен жаза мөөнөтүн алты жылдан эки жылга алмаштырган.

Эл аралык Мунапыс уюмунун жылдык отчетунда ошондой эле Ош, Жалал-Абад шаарларында 2010-жылдагы калаба боюнча иштеген өзбек тилдүү адвокаттарга кысым көрсөтүүлөр, аларды коркутуп, сот мезгилинде кол салуулар болгон менен күнөөлүүлөр жоопко тартылбаганы белгиленет.

2014-жылдын 3-сентябрында Кыргызстандын Жогорку Соту Азимжан Аскаровдун адвокатынын ишти кайра кароо арызын четке какты. Анын алдында райондук соттун жаңы табылган фактылардын негизинде укук коргоочунун ишин кайра карап чыгуу керек деген өкүмүн Бишкек шаардык соту жокко чыгарган.

Мунапыс уюму мындан тышкары Кыргызстанда адам укуктары менен иштеген жарандык активисттерге кысым күч алгандыктан, алардын арасында кооптонуу сезими жаралганын маалымдайт.

Орусиядагыдай бейөкмөт уюмдарды «чет элдик тыңчы» деп жарыялоо жана «салттуу эмес жыныстык байланыштарга» тыюу салуу аракеттери да сынга алынган.

Ошондой эле өзбек улутундары жарандарга кол салуулар боюнча тийиштүү өкүм чыгарылбагандыгы айтылат.

2014-жылы 4-августта улуту өзбек Кабулжан Осмоновго Оштогу иш ордунан белгисиз кишилер кол салып, эс-учун жоготконго чейин сабашкан. Кабулжан Осмонов бул тууралуу жергиликтүү күч органдарына кайрылган, бирок маалымат каражаттарында чуу чыккандан кийин гана кылмыш иши ачылган. Кийин жергиликтүү прокурорлор жана тартип коргоочулар Кабулжан Осмоновго арызыңдан баш тарт деп кысым көрсөтүшкөн.

XS
SM
MD
LG