Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Прокуратура үч талапкерге сөөмөй кезеди


БШК депутаттыкка талапкерлер Карганбек Самаков, Игорь Чудинов жана Искендербек Айдаралиевди жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу Башкы прокуратуранын сунушун качан карары белгисиз.

Башкы прокуратуранын сунушун учурда БШК укукчулары талдап, иликтеп жатышкан кези. Башкы прокуратура Чүйдөгү Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго таандык жерлер боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурунку өкмөт башчы Игорь Чудинов менен мурунку вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге да айып такты.

Мурунку премьер-министр Игорь Чудинов менен мурунку вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 260тан ашуун гектар жер тууралуу өкмөттүн 2008-жылкы токтому жокко чыккандан кийин айып тагылды. Бул токтомду Башкы прокуратуранын сунушу менен өкмөт 3-сентябрда күчүн жоготту деген чечим чыгарган.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Назик Байгазинованын “Азаттыкка” билдиришинче, азыр кылмышка тиешеси барлардын баарын аныктап, жоопкерчиликке тартуу иштери башталды:

- Азыркы учурда Карганбек Самаков менен кошо бул кылмыш ишине катышкан бардык күнөөлүү адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Ошону менен бирге 2015-жылдын 9-сентябрында Башкы прокуратура тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Карганбек Самаковду, мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновду жана мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук берүү боюнча сунуш киргизилди.

Азыр бул сунушту Борбордук шайлоо комиссиясынын юристтери талдап жатат. Аталган комиссиянын маалымат катчысы Азиз Жабиев маселе жалпы жыйында качан каралары белгисиз экенин айтты:

- БШКнын жалпы жыйыны боло элек. Качан караларын билбейм. Анткени БШК мүчөлөрүнүн баары региондорду кыдырып, иш сапарларда жүрүшөт. Ошондуктан качан күн тартибине киргизилип, качан каралары белгисиз.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышына “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайланып келген Карганбек Самаков күздөгү парламенттик шайлоого "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясы менен баратат жана тизмеде 5-орунда турат.

Башкы прокуратура Самаковго ушул жылдын май айында “коррупция” беренеси менен кылмыш иш козгогон. Ага Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 260тан ашуун гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып тагылган. Камакка алынган, бирок кийин баш коргоо чарасы өзгөрүп үй камагына чыгарылган.

Игорь Чудинов президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2007-2009-жылдары премьер-министр болгон. Азыр Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана “Бир Бол” партиясынан тизмесинде 3-орунда турат.

Искендербек Айдаралиев дагы 2007-2009-жылдары биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген. Ал "Замандаш" партиясынын тизмесинде жүрөт.

“Бир Бол” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев Игорь Чудиновго козголгон кылмыш ишти кысым деп баалады:

- Бизге белгилүү болгондой, бул кылмыш иш 2014-жылы эле ачылган экен. Ошол жылдан бери эле Игорь Чудинов ишке байланыштуу күбө катары көрсөтмө берип келген. Биздин маалыматтар боюнча депутаттык комиссия иштеп, Чудинов эч кандай мыйзамсыз чечим чыгарган эмес жана өкмөт жамааттык орган болгондуктан анын башчысы катары кол койгон факты бар экен. Ошондуктан биз эки жылдан бери келаткан кылмыш иш боюнча ушул күнү БШКга сунуш жөнөтүлгөнүн үгүт маалындагы кысым катары баалап жатабыз.

Ал арада Башкы прокуратура мындай доомат боюнча билдирүү таратты. Ал айрым партиялар ырастаган "үгүт өнөктүгү маалында атайылап жасалууда жана саясий өңүтү бар" деген өңдүү айыптарды четке какты.

XS
SM
MD
LG