Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Депутат Самаков менен элдин жер талашы


Кара-Жыгач айылынын тургундары Самаков мыйзамсыз алды деген жерге былтыр да нааразылык акциясын ткргн. 28-май, 2014-жыл
Кара-Жыгач айылынын тургундары Самаков мыйзамсыз алды деген жерге былтыр да нааразылык акциясын ткргн. 28-май, 2014-жыл

Чүй облусунун айрым тургундары Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковду ондогон гектар жерди мыйзамсыз алган деп айыптап жатат.

Аламүдүн районуна караштуу Байтик жана Кара-Жыгач айылынан келгендер 16-мартта Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Самаковдун жоопко тартылышын талап кылды. Депутат өзү бул боюнча пикирин билдире элек. Бирок анын тарапкерлери окуяны Самаковду жаманатты кылуу аракети катары баалашууда. ​

Гүлия Абдылдаева Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну. Аталган айылга караштуу 42 гектар жерди депутат Карганбек Самаковдун жакындары делген адамдар алгач 2008-жылы 49 жылга ижарага алып, 2013-жылы аукцион аркылуу 20 миллион сомго сатып алган. Абдылдаева мунун айынан жайыттарынан ажырап калышканын айтып даттанууда:

- Биз кантип жашайбыз? Уйларыбыз, койлорубуз жайылбай калды. Айыл жеринде жашап, беш кой бага албасак, кантип жашайбыз? Жайытыбыз жок, же үй салганга жер жок, балдарыбыз батирде турат. Бир киши ушунча жерди алып алды. Ал эми тойбойбу?! Ушул маселе менен губернаторго, акимге барабыз. Алар болсо “ооба, силердики туура” деп калп эле жооткотуп, “иттен чыгарып” коет. Маселени чечкен эч ким жок.

Каражыгачтыктар 42 гектар жердин берилиши боюнча бир канча жолу нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Атүгүл сотко да кайрылышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Аламүдүндүн мурунку акими камакка алынган. Бирок жергиликтүү эл бул иш боюнча Карганбек Самаковдун да жоопко тартылышын, жерди кайрып беришин талап кылышууда.

Башкы прокуратура ушул тапта Аламүдүндүн Байтик айылынын жанындагы жерлердин сатылышын иликтеп жатат. Жарандык активист Нурлан Асановдун маалымдашынча, Самаков Байтиктен сырткары, Лебединовка жана Кара-Жыгач айылдарында араб инвесторлору үчүн эс алуу жайлары курулат деген жүйөө менен ондогон гектер жерлерди сатып алган. Бирок ал жерлерге эч нерсе курулган эмес:

- Ал өтө көп суммадагы инвестиция салганы жаткан араб ишкерлерин тапканын айткан. Ал арабдарга иштеген жана эс алганга шарт түзүп бериш керек деп, Байтик тарапта гольф клуб, Кара-Жыгачта аквапарк, ал эми Лебединовкада бизнес борбор салынарын билдирген. Ошол кезде жерлердин бир гектарын беш миң доллардан сатып алган. Азыр бир сотых жерди 5 миң доллардан сатып жатат. Карганбек Самаков көз боемочу. Биз анын ушул берене менен кылмыш жообуна тартылышын талап кылабыз.

АКОС коррупцияга каршы коомдук көмөктөшүү бирикмесинин Чүй облусу боюнча жетекчиси Камил Умаровдун билдиришинче, ушул тапта Самаковга таандык делген Байтиктеги сугат жерлер бош турат:

- Ал сугат жерге эгин айдаса болот, жашылча-жемиш айдаса болот. Бирок мына, алты жылдан бери жөн эле турат. Ушинтип бош тургудай Чүйдө айдоо жер көп бекен? Депутат болуп туруп өзү мыйзам бузуп жатат. Мамлекетке канча зыян келди. Биздин Орто-Алыштын элдеринин жерин алып жатканда арабдарга гольф клуб курулуп калса, миңдеген адамга жумуш болот, кеминде миң доллардан айлык аласыңар деп алдаган. Азыр болсо ал жерди бөлүп-бөлүп сатып жатат.

Бишкектеги маалымат жыйыны өткөн жерге депутат Карганбек Самаковду колдогондор да келген экен. Эки тараптын ортосунда талаш-тартыш, ызы-чуу да чыгып кетти. Байтик айылынын тургуну Гүлзат Бешкөрүкова да убагында жерин саткан. Бирок ал мында Самаковдун күнөөсү жок экенин айтууда.

- Самаковдун бул жерде эч кандай тиешеси жок. Биз жерлерибизди өз каалообуз менен эле сатканбыз. Самаковдун өзүн көргөн да эмеспиз. Абай Таштанбеков деген Самаковдун оң колу, ишенген өкүлү жүргөн. Биз "жерлерибизди алданып калып арзан сатып жибериптирбиз" деп көтөрүлүп чыкканда ошол Абай келип баарыбыздын оозубузду баскан. Мен үч гектар жеримди ар бир гектарын беш миң долларга сатканмын.

Жерге байланыштуу дооматтарга депутат Карганбек Самаков өзү азырынча комментарий бере элек. Анын жардамчысы Радик Шабданов муну каралоо деп атады:

- Жер алынганына канча жыл болду? Бул маселенин эми шайлоонун алдында көтөрүлүп жатышын каралоо деп гана атаса болот.

Карганбек Самаковду Бишкектин жака-белиндеги жерлерди мыйзамсыз алган деп айыптагандар 18-мартта депутаттын үйүнүн жанында митинг өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG