Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Зилзала жүздөн ашык адамдын өмүрүн алды


Пакистандын Ооганстан менен чектешкен Баджаур аймагынын тургундары жер титирөөдөн кийинки урандылардын үстүндө турат. 26-октябрь, 2015-жыл
Пакистандын Ооганстан менен чектешкен Баджаур аймагынын тургундары жер титирөөдөн кийинки урандылардын үстүндө турат. 26-октябрь, 2015-жыл

26-октябрда Түштүк Азия чөлкөмүндөгү 7,5 баллдык жер титирөөдөн ондогон кишилер өлүп, дагы ондогон адамдар жаракат алды. Силкинүүнүн күчү Ооганстан, Пакистан, Индия жана Тажикстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдө байкалды.

Түштүк Азия чөлкөмүндөгү 7,5 баллдык зилзаладан ондогон адамдар набыт кеткени кабарланууда. Бүгүнкү жер силкинүүнүн очогу Ооганстандын борбору Кабулдан 250 чакырымдай аралыктагы Журм шаарына жакын жердеги тоолордо катталды. Анын күчү Пакистандын борбору Исламабадда жана Индия баш калаасы Делиде да байкалган.

Бул шаарларда силкинүү бир мүнөттөй убакытка созулуп, имараттар термелип турушу адамдарды көчөгө чыгууга шаштырган.

Бүгүнкү зилзалада адам өмүрү кыйылганы боюнча да улам жаңы маалыматтар түшүп жатат. Маселен, Пакистанда, расмий өкүлдөрдүн айтымында, 120дан ашуун киши мерт болду.

Пешевардын тургундары жер силкинүүсү учурунда. 26-октябрь, 2015-жыл.
Пешевардын тургундары жер силкинүүсү учурунда. 26-октябрь, 2015-жыл.

Өлкө бийлигинин бир өкүлү AFP агенттигине жер титирөөдөн Сват өрөөнүндө жүздөн ашуун киши жаракат алганын билдирди.

Ал эми Ооганстанда кеминде 30 адам мерт болду. Алардын 12си окуучу кыздар. Талукан шаарындагы бул окуучулар негизинен мектептеги дүрбөлөңдөн тебелендиде калып каза тапкан.

Жер титирөө Борбор Азия өлкөлөрүндө да байкалды.

Тажикстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында да бүгүнкү зилзаланын күчү 4-5 баллга жеткени кабарланууда.

Жер тирирөө байкалган жерлер
Азиядагы жер титирөөнүн картасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү Ошто 4 балл, Бишкекте 3 жана Нарында 4 балл болду. Сейсмология институту зилзала очогунда 9-10 баллга жеткенин, ал Ооганстандын Гиндикуш аймагында болгонун маалымдады.

Тажикстан: зилзала элдин үрөйүн учурду
Тажикстан: Зилзала элдин үрөйүн учурду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

XS
SM
MD
LG