Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Армиядан ажал тапкандар


Армиядан бир көрүнүш
Армиядан бир көрүнүш

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, кыргыз армиясында соңку алты жылда 84 жоокер көз жумган. “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү мекен сакчыларынын бейажал өлүмдөрүн иликтөөгө алды.

Аскер прокуратурасынын маалыматында 2010-жылдан бери куралдуу күчтөрдүн катарында 84 жоокер каза тапкан. Алардын 37си, башкача айтканда 65 пайызы өз өмүрүн кыйган. Тергөө жыйынтыгында суициддердин 15ине чоңсунуу же уставга туура келбеген мамилелер себеп болгону аныкталган.

Аскер жетекчилиги кыргыз армиясында дедовщина жок, баары бир мезгилде чакырылат дегени менен, "чоң муштумдардын" курмандыгына айлангандар азайбай келет. 2010-жылдан бери уставдан тыш мамиле жасаган үчүн 30 аскер кызматкери кылмыш жообуна тартылган.

Арстанбек уулу Рустамбек быйылкы жылдын эсебинен көз жумган үчүнчү жоокер деп айтып оозду жыйганча дагы бир мекен сакчысы жан берди. Балыкчыдагы №36806 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы Зарылбек уулу Тилек снаряд жарылып, 19-майда ооруканада көз жумду. Аскер жетекчилиги муну күтүүсүз келген кырсык десе, маркумдун жакындары жоокер киши колдуу болгонун айтып, аскер бөлүгүнөн күмөн санап келет.

Армиядан ажал тапкандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:22 0:00

Балыкчыдагы №20636 аскер бөлүгүндө дагы бир катардагы жоокер Мурат уулу Дастан 19-февралда ажал тапкан. Аскер бөлүгүнүн ишендиришинче, мекен сакчысына кокустан ок жаңылган. Деген менен маркумдун ата-энеси кыргыз армиясында кайталана берчү кокустуктарга ишенбейт. Жазында ушул эле аскер бөлүгүндө машыгуу учурунда дагы бир жоокер бутуна ок жеген. Мындан улам аскердик бөлүктүн төрт кызматкери кызматынан бошотулган.

Бир адамдын өлүмү трагедия, экиден ашса статистика демекчи, Кыргызстандын аскер жетекчилиги жоокерлердин өлүгүн саноо менен чектелип жаткандай. Же мурдагыдай жоопкерчилик алчу Коргоо министрлиги жок. Көзүн жайнаткан боюнча аскерге алып кетип, ата-энесине сөөгүн тапшырган шалаакылыкка ким жооп берет?

XS
SM
MD
LG