Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

ВИЧти жуктургандар жыл сайын көбөйүүдө


Балдарына шприц аркылуу ВИЧ жуккан энелердин акциясы. 2011-жыл
Балдарына шприц аркылуу ВИЧ жуккан энелердин акциясы. 2011-жыл

Адистердин айтымында, акыркы беш жылда эле Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктургандардын саны эки эсеге өскөн.

БУУнун атайын программасынын маалыматында айтылгандай, иликтөөлөрдүн натыйжасында Кыргызстанда 25 миңге чамалуу денесин саткан кыз-келиндер жана 22 миң кумсалар катталган. Ал эми маңзат сайынгандардын саны 25 миң. Булардын арасынан төмөнкү каарманга окшоп азаптуу дартты жуктуруп алгандар да жок эмес.

- 2009-жылы ВИЧ оорулуу экеним аныкталган. Буга чейин көп жыл маңзат колдонгон элем. Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык СПИД борборунда көзөмөлдө турам. Антиретровирустук дарыларды 2009-жылдан бери ичип келатам. Башында ушул дарыны ичкенге чейин абдан кыйналгам. Дары ичкенден бери жакшы болуп калдым. Анализдеримдин көрсөткүчтөрү да жаман эмес. Дарыларды ушул борбор аркылуу акысыз алып турабыз. Айрым бейөкмөт уюмдар да жардам берип турушат. ВИЧ-инфекциясы эмес, аны менен кошо пайда болчу ооруларга каршы да дарыларды алып турабыз. Коомчулуктун бизге болгон көз карашы ар кандай. Ошол себептүү мүмкүн болушунча жашырганга аракет кылабыз. Бирөө-жарым билип калып, терс мамиле кылган учур азырынча менде боло элек. Азыркы тапта бизге дарылар үмүт берип жатат. Аларды ичкенден кийин анализдерибиз улам жакшырат. Анан үй-бүлө, бала-чаканы көрүп, алардын келечегин ойлоп кубаттанабыз. Жеке өзүмдү жаман ойлордон балдарым, үй-бүлөм алаксытып, жумушум күч-кубат берип турат. Спортко деле көп аралаша албай калдым. Жашым деле өтүп кетти да эми. Кыйналганымда жакындарымдын колдоосу дем берет, - дейт атын атагысы келбеген Бишкектин тургуну.

Кыргызстандагы СПИД борборунун башчысы Үмүткан Чокморованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ушу тапка сойкулук менен алектенгендердин 2%, кумсалардын 9% ВИЧ/СПИД илдети менен ооруйт:

- БУУнун ЮНЭЙДС программасынын иликтөөсү боюнча 2013-жылы маңзат сайынгандардын 14,6% ВИЧ/СПИД илдетине кабылган. Ал эми коммерциялык секс кызматкерлеринин бул илдетке кабылганы 2%. Кумсалардын арасында болсо бул көрсөткүч 6% түздү. Бул 2010-жылга караганда дээрлик 5 эсе көбөйгөн. Буга кумсалардын мурункуга караганда көбүрөөк ачыкка чыга баштаганы жана өздөрүнүн ден соолуктарын көзөмөлгө ала баштаганы себеп деп айтууга болот. Анткени, булар дайыма жашыруун жүрүшөт, алар менен бейөкмөт уюмдар аркылуу гана байланышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Үмүткан Чокморова кумсалардын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар тууралуу көрсөткүчтүн көбөйүүсүн бул ооруну алар таркатат деген жаңылыш пикирге алып келбөөгө тийиштигин баса белгилейт.

Ушундай эле маалыматты “АнтиСПИД” бейөкмөт уюмунун аткаруучу директору Чынара Бакирова да айтууда. Анын айтуусунда, коомдо ВИЧ илдетин таратуучулар кумсалар деген пикир болбоого тийиш:

- 22 миң чамалуу деген бул болжолдуу цифра. Иликтөөдө салыштырмалуу сан деп жазылып турат. Бишкек жана Ош шаарларында жүздөн ашуун кумса изилдөөдөн өткөн. Булардын ичинен 9% гана ВИЧ илдетине кабылганы аныкталган. 22000 кумса бар деген эл аралык иликтөөлөр менен салыштыруудан чыккан маалымат. Анткени, так саны тууралуу маалымат жок, себеби бул топ абдан жабык. Бирок кумсалар ВИЧти таратат деп айтуу туура эмес, бул жаңылыш пикир.

Чынара Бакированын айтуусунда, ВИЧ илдетине кабылган кишилер кечиктирбей дарылана баштаса, башкаларга инфекция жуктурбайт.

Кыргызстанда ВИЧ илдетинин алдын алуу жана ага чалдыккандарды дарылоо боюнча Глобалдык фонд көмөк көрсөтүп келген. 2018-жылдан тартып, аталган фонд бул багытта каржылоосун токтотот. Анын милдетин мамлекет колуна алууга тийиш.

Айрым адистер эгер мамлекет кийлигишпесе, ВИЧ илдетин жуктургандардын саны 2020-жылы беш-алты эселеп көбөйүүсү ыктымалдыгын айтышат.

Адистер илдет мурда маңзат сайынгандардын арасында, түрмөлөрдө көп болуп жатканын белгилеп келишсе, акыркы мезгилдерде жыныстык катнаш аркылуу жуктуруу күчөп жатканын айтышат. 1-июлга карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 6,5 миң киши ВИЧ-СПИД илдети менен ооруйт. 2010-жылы бул көрсөткүч үч миңге да жетчү эмес. Адистердин айтуусунда акыркы жылдары миграцияда жүрүп, ВИЧ илдетине кабылып келип, бул жактан жубайларына жуктургандар көбөйдү.

“Ак жүрөк” кризистик борборунун психологу Гүлнара Онкошеванын айтуусунда, мындан көбүнчө аялдар жабыркап, айрым учурларда бойго бүткөн наристелерге да өтүп кетүүдө:

- Үч учур катталды, анда Москвада иштеп жүргөн жигиттер келип, бул жактан үйлөнүшкөн экен. Аялдары боюна бүткүчө ВИЧ инфекция жугуп калганын билишкен эмес. Бирөөнүн баласы таза туулду. Өзү бизде каттоодо туруп, дарыланып жатат. Калган экөө ажырашып кетишти. Мындан тышкары Москвада жарандык никеде жашап жүрүп, жуктуруп алган эки аял катталган. Алар да үй-бүлөсү менен ажырашып кетишти.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүн Кыргызстанда 6,5 миң киши ВИЧ-СПИД илдети менен ооруйт. Анын ичинде 188 балага энесинен жуккан.​

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG