Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Авиакырсык: иликтөө комиссиясына ишенбөөчүлүк


Дача СУ
Дача СУ

Жакында кулаган учактын себебин иликтөөчү комиссия төрагасынын мурдагы ишине байланыштуу анын бейтараптыгынан шек саноолор чыга баштады.

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин учурдагы комиссия төрагасы Леонид Каширский мындан тогуз жыл мурун Кыргызстандагы “Итэк Эйр” компаниясына таандык Жаңы-Жер айылына жакын тилкеге кулаган учакты иликтеген комиссияны да жетектеген. Ошол авиакырсыктын жабырлануучулары Каширский жетектеген комиссия бузук учакты каттамга учурган тараптын айыбын жашырып, күнөөнү учкучтарга оодарган тыянак чыгарганын айтып чыгышты.

Тогуз жыл мурдагы кырсыктын чуусу

“Манас” аба майданына коно албай, Дача СУ конушуна кулаган жүк ташуучу учактын кыйроо себебин КМШнын мамлекеттер аралык авиациялык комитети териштирет. Комитет 12 адамдан турган бул комиссияга Леонид Каширский деген авиациялык экспертти төрага кылып дайындаган.

Леонид Каширский 2008-жылы 24-августта Жаңы-Жер айылына кулаган учактын себебин иликтөө боюнча комиссияны да жетектегени белгилүү болду.

Кыргызстандын “Итек Эйр” жана Ирандын “Асеман эйр” аба компаниялары уюштурган Бишкек-Тегеран каттамындагы “Боинг-737” учагы “Манас” аэропортунан 90 жүргүнчү менен абага көтөрүлгөн эле. Кырсыктан борттогу 65 киши ажал таап, бир канчасы жараат алган. Анда учактын экипажы аман калган. Учкуч Юрий Гончаров мурда президенттик борттун командири болгон. Сот комиссия тыянагынын негизинде учкучтарды айыптап, беш жылга жатак абакка эркинен ажыраткан.

Ошол кырсыктын жабырлануучусу Бахтияр Кадыров комиссия учак кырсыгына айыптуу тарапты жашырган тыянак чыгарган учурду төмөндөгүчө белгиледи:

- Биз бир жарым жылдан ашуун соттоштук. Андан эч нерсе чыккан жок. Утулуп калдык. Эч ким чындыкка жетпеди. МАКтын комиссиясынын тыянагы бизди канааттандырган жок. Ага барсак, бизди босогосуна дагы жолотподу. Бардыгын пилотторго оодарып коюшкан. Учкучтар башында учактын жабдуу тутуму жарактан чыкканын айтып, көрсөтмө беришкен. Бирок сот учак жараксыз болгонуна маани бербестен учкучтарга гана айып такты. Учкучтар ошол кезде абакта кармалып, кийин аларды бат эле кое беришти. Иш бүткөн соң аларга тиешелүү бонустары берилип, кийин алар Орусияга кетип калганы белгилүү болду. Анткени техникалык тыянактын негизинде эгерде учактын жараксыздыгы далилденгенде авиакомпания кожоюндары жазаланмак. Мына ошондой учактарды авиакаттамга киргизген өлкөнүн бүтүндөй жарандык авиа жүргүнчү ташуу тармагы катаал жазага тартылмак.

Кыргыз тараптын шалаакылыгы

Иликтөөнүн жүрүшүндө учактын эбак эскилиги жеткени аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча “Боинг-737” учагы “Манастан” аба көтөрүлгөндө жабдуу тутуму жарактан чыгып, учкучтар аны кайра жерге кондурууда ал Жаңы-Жер айылына жакын тилкеге авариялык абалда учуп келип, кулап түшкөн. Бирок кийин учактын техникалык абалы үчүн аны пайдаланган жана учууга уруксат берген “Итэк Эйр” компаниясы менен Кыргызстандын жарандык авиация агенттигинин жоопкерчилиги каралган эмес.

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кулап түшкөн Дача конушунун тургундары кыйроонун кесепеттерин жоюу жана аларды коопсуз жайга көчүрүү маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну суранышууда.

Жарандык авиация агенттигинин мурдагы директору Эрмек Өмүралиев камсыздандыруу жоопкерчилиги каралбай калган жагдайга мындайча токтолду:

- Менимче ошол окуядагы акчалай кенемтени төлөтүүнүн артынан эч ким жакшылап түшкөн эмес. Болбосо бул иште компенсация талап кылган жана аны төлөп бере турган тарап болот да. Бул укуктук маселе. Анан бул жактан жана ал тараптан кандай юристтер иштешти? Кандай иш алып барышты? Негизи бул иште күчтүү юристтер тартылышы керек эле. Комиссия учкучтарды күнөөлөп, учактын техникалык абалы талапка жооп беришин текшерүү жагы эске алынбай калган учурда деле ар бир авиакомпаниянын камсыздандыруу келишими бар да. Учууга уруксат берүүдөн мурун алар учуулардын коопсуздугун камсыздандыруу шарттарын кабыл алышат. Анда үчүн тарапты дагы камсыздандыруу жагы каралган. Бул учурда ошол авиакомпанияны камсыздандырган компания да, ал кырсыкты териштирген комиссия да Орусиядан болуп жатпайбы. Бул жерде кыргыз тарап кесипкөй юристтерди жалдап, үчүнчү бир тараптын арбитрдыгы менен маселени жөнгө салышы керек эле.

Жабырлануучулардын айтымында, 2008-жылдагы авиакырсыктын себебин иликтеген комиссия “Итэк Эйр” компаниясы пайдаланган учактын ээси ким экенин дагы аныктаган эмес. Башында ага таандык делген “Боинг-737” учагы айрым маалыматтар боюнча, Орусиянын Челябинск шаарындагы уюшкан кылмыш тобуна караштуу экени белгиленген.

“Итэк Эйр” компаниясында кыргыз бийлигиндеги үлкөн чиновниктердин үлүшү бар экени да кезинде жергиликтүү басылмаларда жазылган болчу.

Мурдагылардан сабак алуунун учуру

Азыркы учурда дагы авиакырсыктын чыныгы себеби менен айыпкер тарап аныкталбай калат деген коркунучу бар экени айтылууда. Бирок транспорт министри Жамшитбек Калилов бул жолу андайга жол берилбесин убада кылды:

- Эми ал комиссия көз карандысыз да. Анын чыгарган корутундусу кандай чыкканда дагы аны кабыл алышыбыз керек. Мен ал комиссия Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген корутунду чыгарат деп ойлобойм. Бул жерде Түркиянын да, АКШнын да авиациялык коопсуздук боюнча адистери өз-өзүнчө иликтөө жүргүзүп жатат. Бул жерде үч комиссия иштеп жатат. Аягында бардыгы бири-биринин отчетторун салыштырып, ошого жараша жыйынтык чыгарышса керек. Тараптар бири-биринин отчетторун салыштырып, көзөмөлдөбөсө анда бир жактуу болуп калбайбы.

24-август, 2008-жыл
24-август, 2008-жыл

Иран аталган авиакырсыктан каза тапкан жарандары үчүн алардын жакындарына 60 миң доллар өлчөмүндө кенемте төлөп бергени кийин белгилүү болгон. Ошол эле кезде кыргыз тараптан жабыркагандардын кенемте-дооматы каралбай калган.

“Итэк Эйр” маркумдарды көмүүгө кеткен чыгымдарды төлөп берүү менен чектелгени белгиленген. Кийин бул компания “Бишкек Эйр” деп атын өзгөртүп, бирок кийин такыр эле жоюлуп кеткени белгилүү.

Иликтөө комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский жакында болгон маалымат жыйында "кырсыкка айыптуулар аныкталбай, андан жабырланган тараптарга кенемте төлөнбөй калган учурлар болгон эмес" деп айткан болчу.

"Ыңгайсыз суроолор": Кандуу жүк кимдики?

Кандуу жүк кимдики?
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:03 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG