Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Кремль Батыштын сынына жооп кайтарды


Путин басма сөз жыйынында, декабрь, 2021-жыл
Путин басма сөз жыйынында, декабрь, 2021-жыл

Кремль Навальныйга карата чыккан соттун чечимин талкуулабайт.  

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Алексей Навальныйдын түрмөгө кесилгенин кандай маанайда кабыл алганын айта албайт, «Кремль сот өкүмдөрүн талкууга албайт».

Шаршембиде журналисттердин суроолоруна жооп берген Песков күч кызматкерлери көчөгө нааразылыгын билдирип чыккандарга катаал чара көрүп, жапырт кармаганын «жөндүү» деп эсептей турганын айтты.

Ал Навальныйдын сот залында «Путин тарыхта «Владимир ич кийим ууландыруучу» катары аталып калат» дегенине теригип, «муну эл чечерин» кошумчалады.

2-февралда дээрлик он саатка созулган Москвадагы сот отурумунан кийин судья Наталья Репникова Навальный мурунку шарттуу жазанын талаптарын аткарган жок деп, саясатчыны 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Оппозициячы анын эки жыл сегиз айын түрмөдө өтөшү керек.

«Бул процессте эң маанилүүсү мага карата аракеттер эмес. Мени камап коюу оор эмес. "Эмне үчүн мындай болуп жатат?" деген суроо маанилүү. Бул көптөгөн адамдарды коркутуп алуу максатында өтүп жатат. Алар миллиондогон адамдарга сүр көрсөтүү үчүн бир адамды түрмөгө камап жатышат» деди Навальный.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

Адвокаттары эми Москва сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрылышат.

Шайлоодо бийликчил «Единая Россия» партиясынын оппоненттерин колдоо менен Путиндин режимин солгундатып, Орусияда бийликти мыйзамдуу жол менен алмаштырууга чакырып келген Навальныйдын абакка кесилиши 19-сентябрда өтчү парламенттик шайлоого байланыштырылып жатат.

Айрым серепчилер «Путин жана анын кол оюнчугуна айланган бийликчил партиянын эл арасында кадыр-баркы жоголуп турган кезде соңку бир жылда чоң колдоого ээ болгон Навальныйдын эркиндикте калышы башынан мүмкүн болбогонун» белгилешет.

АКШ, Британия, Канада жана Европа Биримдиги Москва сотунун өкүмүн кескин айыптап, орус бийлигин саясатчыны тез жана эч шартсыз бошотууга чакырышты.

Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен орус бийлиги эл аралык милдеттенмелерин аткарбаса «Вашингтон жана Батыш өлкөлөрү чара көрөрүн» эскертти.

«АКШнын кызыкчылыктары үчүн Орусия менен иштешсек дагы өз жарандарынын укуктарын коргобогондугу үчүн Орусияны жоопко тартуу үчүн биз өнөктөштөрүбүз менен тыгыз кызматташтыкты улантабыз» деп айтылат билдирүүдө.

Мындай позицияны колдоого алган Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб «Орусия эл аралык коомчулук алдындагы өзүнүн башкы милдеттерин аткарбай жатат» деп сындады.

Жозеп Боррель
Жозеп Боррель

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель бул жумада Москвага келип, орус бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү жатат. Буга чейин ал Навальный менен жолугушууга мүмкүндүк берүүнү талап кылган.

Орус бийлиги мындай билдирүүлөрдү жана Навальныйдын сотуна бир катар Европа өлкөлөрүнүн Москвадагы дипломаттары менен ондогон чет өлкөлүк журналисттер келгенин «өлкөнүн ички ишине кийлигишүү» катары баалоодо.

Путинди жана анын айланасын коррупцияга, мыйзамсыз баюуга, уурулукка айыптап, муну ондогон иликтөөлөрү менен ашкерелеген Алексей Навальный 17-январдан бери камакта. Ал Берлинден кайтары менен Москвада аэропортто кармалып, абакка жөнөтүлгөн.

Саясатчы былтыр августта «Новичок» тобундагы химиялык зат менен ууландарылышына Федералдык коопсуздук кызматы кириптер, алар Путиндин буйругун аткарышкан деп эсептейт.

Сот өкүмүнө нааразы болуп чыккандар
Сот өкүмүнө нааразы болуп чыккандар

Соңку бир жылда эл арасында кадыр-баркы көтөрүлүп, колдоочулары көбөйгөн оппозициячыл саясатчы өмүрүнө болгон коркунучка карабай Орусияга кайтарын жарыялаганда Федералдык жаза аткаруу кызматы жаза мөөнөтү бүтүп калган 2014-жылкы кылмыш ишти кайрадан козгоп, Тергөө комитети саясатчыга каршы дагы бир жаңы кылмыш ишин ачкан.

Москва соту Навальныйга өкүмүн жарыялаганда Москва менен Санкт-Петербургда миңдеген жаштар көчөгө чыгып, күч кызматкерлери адамдарды туш келди кармап, союл менен башка-көзгө койгулап, аёосуз ур-токмокко алып таркатты.

«ОВД Инфо» тобу бул күнү Орусияда 1,5 миңдей адам кармалганын кабарлады.

23-31-январда Калининграддан Владивостокко карай Навальныйды колдогон жапырт жүрүштөрдө Орусияда он миңдей адам кармалып, жүздөгөн административдик жана ондогон кылмыш иштери козголгон.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG