Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

Аркадий Ротенберг Геленжиктеги «хан сарай» өзүнүкү экендигин айтты


Аркадий Ротенберг. 22.2.2020.
Аркадий Ротенберг. 22.2.2020.


Орусиянын президенти Владимир Путиндин эски досу, ишкер Аркадий Ротенберг «Mash» аттуу телеграм-каналга маек куруп, өзү Орусиянын түштүгүндөгү Геленжик шаарына жакын токой арасындагы «хан сарайдын» кожоюну экендигин айтты.

Дал ушул ак сарай оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жетектеген Жемкорлукка каршы күрөш фондунун атайын иликтөөсүнүн мерчеми болгон.
Ротенбергдин айтымында, ал сөз кылынган ак сарайдын «пайдасын көрүүчү» болуп саналат.

Бул долбоордо мурда көп насыя берүүчүлөр болгонун да ал белгиледи. Ал эми Идокопас тумшугунда «апарт-отель» түрүндөгү мыкты батирлерден турган конок үйү курулуп жатат, ал 2 жыл аралыгына ачылат, деди Ротенберг.

Навальныйдын тобу даярдаган жана 19-январда жарыялаган даректүү тасмада бул «хан сарай» Владимир Путинге таандык деп айтылган. Жалаң гана хан сарайдын баасы 100 миллиард рублдей (1,35 миллиард АКШ долларындай) акчага татыйт. Бул аксарай жайгашкан чакан аймактын үстүнөн учууга уруксат жок, кишилерге өтө катаал тартипте гана ал жакка кирүүгө мүмкүн. Тасманы алгачкы күндөрү эле 100 миллиондой киши көргөнү айтылат.

Путин болсо бул «хан сарайдын» кожоюндары – жеке менчик компаниялар деп билдирген.

«Эмне үчүн дароо эле кожоюну экениңизди айтпадыңыз?» деген суроого ишкер Ротенберг «оболу курулушту чыр-чатагы жок аяктап, андан соң жарыялайм деп жаткам» деп жооп узатты.

Навальныйдын тасмасы чыккан соң да, орусиялык ЖМКлар бул темага байма-бай кайрылышты. Кремлчил "Россия-1" сыналгы каналы бул сарайды толук курулуп бүтө элек «апарт-отель» деп атады.

Аркадий Ротенберг – Владимир Путиндин «Ак кан» досу. Алар мектепте кезинде бир машыктыруучунун жетеги алдында чогуу самбо жана дзюдо менен алектенишчү.

Ротенберг АКШ тарабынан чектөө киргизилген тизмеде да турат. Анын компанияларынын бири 2014-жылы Крым орусияга каратылып алынган соң Крым көпүрөсүн курууга да катышкан. (TT)

XS
SM
MD
LG