Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:22

8-март: Бишкектеги жүрүш, Тажикстанда кармалган кыргызстандык, Москвадагы коркунуч


Бишкектеги жөө жүрүш, 8-март 2024-жыл.
Бишкектеги жөө жүрүш, 8-март 2024-жыл.

8-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот Бектур Асановго өлкөдөн чыгууга уруксат берген жок

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталуучу Бектур Асановду чет жакта операция жасоо үчүн Кыргызстандан сыртка чыгарууга уруксат берген жок. Анын айтымында, кыргыз дарыгерлери Асановго операция жасап, бир сыйра дарылагандан кийин ага шашылыш түрдө дагы операция жасоо керектигин эскертишкен. Андай операция чет өлкөдө жасалары аныкталып, саясатчынын жакындары Түркиядагы клиника менен макулдашкан. Ал жактагы оорукана операцияны 12-мартка дайындаган жана сот уруксат берсе алар 8-мартта учуп кетишмек.

Бишкекте аялдарды колдоо маршы өттү

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында “Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” деген ураан астында жөө жүрүш өттү. Анда ондогон активист Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп, Максим Горький атындагы гүл бакка жөө басып барышты. Ага мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаева катышып, коомдо зомбулуктун бардык түрлөрү айыпталышы керектигин айтты.

"Эже-сиңдилерим, өзүңөр үчүн туруп, укугуңарды, өмүрүңөрдү, ден соолугаңды коргогула. Зомбулукка чыдабагыла, баш ийбегиле", - деди Ногойбаева.

ТИМ Тажикстанда камалган кыргыз жараны тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда камакта жаткан кыргызстандык жарандын тагдыры тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты көтөргөн маселе жөнүндө маалымат берди. Эл өкүлү Султанбай Айжигитов коңшу өлкөнүн аймагында Кыргызстандын Кубатбек Юлдашев аттуу жараны кармалып, камакка алынып турганын айтып, кыргыз өкмөтүн ага көмөктөшүүнү талап кылган.

Министрликтин маалыматында айтылгандай, Кубатбек Юлдошев Тажикстандын Исфара районунда 1988-жылы туулган жана кийин Кыргызстандын жарандыгын алган. Аны 2023-жылдын 20-январында Тажикстандын сот органдары ылмыш-жаза кодексинин тыңчылык беренеси менен соттогон.

АКШ Москвада террордук чабуул коркунучу тууралуу эскертти

7-марттын кечинде АКШнын Орусиядагы элчилиги Москвада жакынкы эки күндө теракт болушу ыктымалдыгын эскерткенин "Свобода" радиосу жазды.

"Элчилик Москвадагы эл көп чогулган жерлерге, анын ичинде концерттерге кол салуу боюнча экстремисттик пландар тууралуу кабарларга көз салып турат. АКШ жарандарына жакынкы 48 саат ичинде эл көп чогулган жерлерден оолак болуу сунушталат", — деп айтылат АКШ элчилигинин сайтында.

АКШнын эскертүүсүн Британиянын Тышкы иштер министрлиги да өзүнүн сайтында жарыялады. Орус бийлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Залужный Украинанын Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Валерий Залужный өлкөнүн Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды. Зеленский аны Куралдуу күчтөрдүн башкы командачылыгы кызматынан 8-февралда алып, анын ордуна генерал-полковник Александр Сырскийди дайындаган.

8-мартта Зеленский Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүү үчүн Стамбулга барды. Расмий маалыматтарга ылайык, Зеленский Түркиядагы иш сапарынын алкагында Режеп Тайып Эрдоган менен Украинадагы согушка байланыштуу “тынчтык формуласын”, бул багытта тынчтык саммитин уюштуруу, Кара деңиздеги коопсуз коридор, азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле Орусиядагы украиналык туткундарды, анын ичинде саясий туткундарды бошотуу маселесин талкуулайт.

Газага деңиз аркылуу жардам жеткирилет

Жума күнү гуманитардык жардам ташыган кайрымдуулук кемеси Газа тилкесине жиберилерин Associated Press жаңылыктар агенттиги Еврокомиссияга шилтеме кылып билдирди.

"Испаниялык Open Arms уюмуна таандык кеме деңиз коридорун сыноо үчүн пилоттук саякат жасайт", - деди Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Ал Кипрдин президенти Никос Христодулидис менен бирге пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Евробиримдик АКШ, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өнөктөш өлкөлөр менен бирге "гуманитардык катастрофаны" жөнгө салуу үчүн Газага ири көлөмдөгү жардам жеткирүү үчүн деңиз коридорун ишке киргизип жатканын билдирди.

Анын алдында АКШнын президенти Жо Байден Конгресске кайрылуусунда деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн убактылуу порт куруларын айткан.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG