Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Сот Бектур Асановго чет жакта операция жасатуу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берген жок


Бектур Асанов
Бектур Асанов

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучу Бектур Асановду чет жакта операция жасоо үчүн Кыргызстандан сыртка чыгарууга уруксат берген жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз дарыгерлери Асановго операция жасап, бир сыйра дарылагандан кийин ага шашылыш түрдө дагы операция жасоо керектигин эскертишкен. Андай операция чет өлкөдө жасалары аныкталып, саясатчынын жакындары Түркиядагы клиника менен макулдашкан. Ал жактагы оорукана операцияны 12-мартка дайындаган жана сот уруксат берсе алар 8-мартта учуп кетишмек.

Адвокат Кантемир Турдалиев Бектур Асановдун эч жакка чыкпоо бөгөт чарасын өзгөртүп, дарылануу үчүн аны чет жакка чыгууга уруксат берүү өтүнүп, 6-мартта сотко арыз жазган. Сот 7-мартта баш тарткан чечимин билдирген. Адвокат 11-мартта чечимди расмий түрдө алса, жогорку инстанцияларга апелляциялык арыз менен кайрыларын айтты.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы бул боюнча өтүнүч келерки соттук отурумда карала турганын билдирди.

9-январда “кемпирабадчылар” Бектур Асановду ооруканага которуу талап кылып, саясатчыга жакын арада ооруканага чыгарылып операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганын” жарыялашкан. №1 тергөө абагында жаткан Бектур Асанов 10-январда Улуттук госпиталга жаткырылып, 15-январда анын моюн омурткаларына операция жасалган.

Бектур Асанов 30-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесине которулуп, абалы жеңилдебегенден улам сот 7-февралда аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Анын жакындары саясатчынын абалы оор бойдон калып жатканын билдирип келишет.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 12 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG