Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:07

Өзбекстанда 16 жаштагы кыз сексуалдык кулчулукка кабылган


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда жашы жете элек кызды сексуалдык эксплуатациялоо боюнча кылмыш иши козголду. "Азаттыктын" өзбек кызматы өлкөнүн Балдар акыйкатчысына шилтеме берип, Карши районунда жашы жете элек кызды сексуалдык эксплуатациялоо үчүн үйүндө кармаган шектүүгө карата тергөө иштери 5-мартта башталганын жазды.

Жабырлануучунун айтымында, туугандарынын кысымы жана түшүнбөстүгүнөн улам үйүнөн чыгып кеткенден кийин аны таанышы Кашкадарыя облусунун Карши районундагы үйлөрдүн бирине алып барып, сойкулукка мажбурлаган. Кыз ал үйдөн качып чыккан.

Акыйкатчынын кайрылуусунан кийин укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп, кылмыш ишин козгоду. Окуя Балдар акыйкатчысынын көзөмөлүндө.

Өзбекстандын мыйзамына ылайык, бул берене боюнча шектүү беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Былтыр Өзбекстанда өспүрүм кыздар сексуалдык зомбулукка кабылган бир нече окуя коомчулукта чуу жараткан. Хорезмде жетимдер үйүндө тарбияланган кыздарды жергиликтүү чоң кызматтагы адамдар зордуктап жүрүшкөнү, Кашкадарыяда өгөй атасы зордуктаган кыз балалуу болгону, Хорезмде 15 жаштагы кызды 11 эркек зордуктаганы тууралуу фактылар аныкталган.

2023-жылы Өзбекстанда балдарды жана аялдарды зомбулуктан коргоого багытталган мыйзам кабыл алынган. Бул бир катар мамлекеттик мекемелер, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар катышып даярдаган, дээрлик бир жылдык иштин жыйынтыгы болгон. Активисттер жана укук коргоочулар Өзбекстанда аялдардын укугу, алардын түрдүү зомбулуктан корголушу начар абалда экенин айтып чыгышкан. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG