Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:39

Байден Путинге туруштук берүү үчүн Украинаны колдоо керектигин айтты


Жо Байдендин кайрылуусу.
Жо Байдендин кайрылуусу.

Бейшемби күнү АКШ президенти Жо Байден Конгресстин алдында өлкөдөгү абал тууралуу жылдык кайрылуусун жасады.

Бул жолку кайрылуусун Байден Украинага колдоо көрсөтүү зарылдыгы тууралуу пикири менен баштады. Ал америкалыктарга өлкөнүн эркиндиги жана демократияга болгон ички жана сырткы чабуул тууралуу эскертти.

"Путин Украинага басып кирип, Европада жана анын чегинен тышкары башаламандыкты жайылтып жатат. Эгер бул залда отургандар арасында Путин ушуну менен токтойт деп ойлогондор болсо, мен силерди ал мындан ары да уланта берерине ишендире алам. Эгер биз Украина тарапта болуп, ага коргонуу үчүн керектүү курал-жарактарды берсек, Украина Путинди токтото алат", - деди Байден.

Байден ошондой эле АКШнын мурунку президенти Дональд Трампты сынга алып, аны орус лидерине баш ийип берди деп айыптады:

"Бул чектен ашкан, кооптуу жана жол берилгис жосун... Биз Путинге каршы турушубуз керек", - деди Байден эки палатанын тең мүчөлөрү отурган Конгресстеги кол чабуулардын коштоосунда.

Трамп мындай сөздөрдү четке кагып келет.

Жо Байдендин Конгресске кайрылуусу "Супер шейшембиден" кийин, Трамптын кайрадан президенттик шайлоого катышары анык болуп калган учурга туш келди.

Өз сөзүндө Байден шайлоо программасынын өзөгүн ачыктап, негизгиси демократияны коргоо экенин белгиледи. Ал эгер шайлоочулар Конгрессте көпчүлүк добушту демократтарга берсе, америкалык аялдардын бойдон алдыруу укугун калыбына келтирүүнү, пенсионерлер үчүн дары-дармектердин баасын төмөндөтүүнү, ипотекалык жеңилдиктерди берүүнү убада кылды.

Мексика менен чек арадагы мигранттар кризиси үчүн айыптоолорго жооп берип жатып, Байден мигранттардын агымын көзөмөлдөө боюнча эффективдүү чараларды сунуштаганын, бирок ал сунуштарга Трамптын басымы астында республикачылар тоскоол болгонун айтты. Ошондой эле Израилди Газанын карапайым калкынын коопсуздугун камсыздоого чакырып, деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү планын жарыялады.

АКШ президентинин айтымында, бул максатта жүк ташыган кемелерди түшүрүү үчүн атайын сүзүүчү пристан курулат.

Конгресстеги демократтар Байдендин кайрылуусун кубаттаса, республикачылар аны баяндамасын үгүт сөзгө айландырганы үчүн сынга алышты. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG