Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

АКШ менен Улуу Британия Москвада террордук чабуул коркунучу тууралуу эскертти


Москвадагы АКШ элчилигинин имараты.
Москвадагы АКШ элчилигинин имараты.

7-марттын кечинде АКШнын Орусиядагы элчилиги Москвада жакынкы эки күндө теракт болушу ыктымалдыгын эскерткенин "Свобода" радиосу жазды.

"Элчилик Москвадагы эл көп чогулган жерлерге, анын ичинде концерттерге кол салуу боюнча экстремисттик пландар тууралуу кабарларга көз салып турат. АКШ жарандарына жакынкы 48 саат ичинде эл көп чогулган жерлерден оолак болуу сунушталат", — деп айтылат АКШ элчилигинин сайтында.

"Коммерсант" басылмасы АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияга баруу үчүн коркунучтун деңгээлин максималдуу ченем - төрткө чейин көтөргөнүн жазды.

АКШнын эскертүүсүн Британиянын Тышкы иштер министрлиги да өзүнүн сайтында жарыялады. Орус бийлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Бүгүн, 8-мартта Москвада Эл аралык аялдар күнүнө арналган бир топ иш-чаралар пландалган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG