Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нооруз майрамын белгилөө күндөрүндө милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу ИИМдин 19-марттагы онлайн жыйынында маалымдалды.

Министр Улан Ниязбеков өлкөнүн эч бир жеринде массалык башаламандык, кагылышуу, тартип бузууга жол берилбеши керектигин эскертти. Ошондой эле майрамды жапырт белгилөө учурунда жаш балдардын жоголуп кетүүсүнөң сак болууга чакырды.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, төрт күнгө созулуучу дем алышта жана Нооруз майрамы учурунда атайын, күчөтүлгөн иш тартибинин планы түзүлдү. Анын ичинде коомдук тартипти сактоо, жол-транспорт кырсыктарына жол бербөө сыяктуу иш-чаралар бар.

Кыргызстанда Нооруз майрамына карата төрт күндүк эс алуу жарыяланган. Бишкек мэриясы Ноорузду майрамдоо үч күнгө созуларын белгилеп, шаардагы айрым борбордук көчөлөр 18-марттан 22-марттын түнүнө чейин жабыларын эскерткен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG