Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Талас мэриясында 292 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды


 Талас шаарын мэриясы.
Талас шаарын мэриясы.

Эсеп палатасы 2022-жыл ичинде Талас шаарынын мэриясы менен анын карамагында турган муниципиалдык ишканаларда 292 млн 211,7 сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, анын ичинен наркы 283 млн 542,6 сом болгон курулмалар жана имараттар эсепке алынган эмес. Мындан сырткары мүлктү пайдаланууда, каражаттарды туура эмес колдонууда, мамлекеттик сатып алууларда, эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин сактоодо мүчүлүштүктөр болгону жазылган.

"Талас шаарынын мэриясынын бардык аудит жүргүзүлгөн түзүмдүк бөлүнүштөрүндө аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү", - деп жазылган маалыматта.

Шаардык мэрия бул тууралуу комментарий берип, салык отчету туура эмес толтурулуп калганын жана ал көйгөйлөр толугу менен жоюлганын, айрым маалыматтар чындыкка дал келбесин билдирди.

Мурдараак аталган мекеме Талас районунда 64 млн сом, Бакай-Ата районунда 2 млн 738,3 миң сом, Айтматов районунда 10 млн 094,1 сом, Манас районунда 2 млн 863,1 миң сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын маалымдаган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG