Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

ЕАЭБ ГМО үрөндөрүн киргизүүгө тыюу салууну талкуулап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге ГМО (генетикалык модификацияланган организм) үрөндөрүн киргизүүнү тыюу тууралуу тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралып жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

“Алгач жүгөрү, кант кызылчасы, соя, помидордун эң кеңири таралган ГМО үрөндөрүн импорттоого тыюу салуу сунушталууда. Өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан ГМО үрөндөрүн Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө тыюу салуу жөнүндө өлкөнүн мыйзамдарын аткаруу талап кылынат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алгач 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG