Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Солтон-Сары кени индиялык компания менен бирге иштетилет


Солтон-Сарыдагы жайлоо.
Солтон-Сарыдагы жайлоо.

Нарындагы Солтон-Сары алтын кени индиялык компания менен бирге иштетилет.

Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жүрүүдө, жылдын экинчи жарымында толук кандуу иш башталат. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев мамлекеттик "Биринчи радионун" эфиринде айтты. Ал индиялык кайсы компания экенин айткан жок.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук тилкесин иштетүү укугу 2013-жылы кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасына 20 жылга берилген. 2019-жылдын августунда кытайлык компанияга нааразы болгон жүздөгөн жергиликтүү тургундар анын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Чыр чыгып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Эки күндөн кийин өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Бучук тилкесинде 12 тонна алтын бар. Баалуу металлдын жалпы кору 22 тонна деп эсептелет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG