Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Бакасов: Нарында айрым тургундар Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы


Садыр Жапаров Солтон-Сарыда эл менен жолугууда. 27-июнь, 2022-жыл.
Садыр Жапаров Солтон-Сарыда эл менен жолугууда. 27-июнь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов парламенттин 29-сентябрдагы жыйында Нарындагы Солтон-Сары кенине байланыштуу шайлоочулар кайрылып жатканын билдирди. Ал айрым жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы экенин айтып, мындан улам президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Өлкө башчыларына "эл каршы эмес, эл макул" деген туура эмес маалымат жеткирилип, компания ишин баштады. Буга жергиликтүү эл каршы. Билесиңер, 2019-жылы кытай компаниясын эл кууп түшкөн. Эми дагы ушундай кадамдар болуп кетпесин, токтотуп берсеңиз", - деди Бакасов.

Ушул жылдын август айында Солтон-Сары алтын кениндеги 2019-жылы жергиликтүүлөрдүн нааразылыгынан кийин токтотулган Бучук тилкесин иштетүүгө кайра уруксат берилген. Анда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы июнь айында жеринде барып көрүп, элдин "жол салып, жаратылыш талкаланат" деген пикирин укканын жазган.

"Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди",-деген Султанбаев.

Расмий маалыматка ылайык, Бучук тилкесинде 12 тонна алтын бар. Ал эми жалпы баалуу металлдын кору 22 тонна деп эсептелет.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасына 20 жылга берилген. 2019-жылы кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700дөй жергиликтүүлөр анын ишин токтотууну талап кылып 5-августта нааразылык акциясына чыккан. Ошол күнү чыр чыгып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Эки күндөн кийин өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG