Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

АКШ Украинага дагы 18 HIMARS жапырт аткылоочу система берет


Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Украинага кезектеги жардам көрсөтүүнүн алкагында 1,1 миллиард долларлык аскер техникасы жана жабдуулар берилерин билдирди. Анын ичинде 18 HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү система бар.

Жыл башынан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 16,2 миллиард долларлык жардам көрсөттү. АКШнын президенти Жо Байден 16-сентябрда украин армиясына 600 миллион доллар жардам берилерин маалымдаган.

Анда HIMARS үчүн кошумча ок-дарылар, артиллериялык снаряддар, артиллерияга каршы төрт радар, учкучсуз учуучу аппараттарга каршы системалар, минадан тазалоочу жабдуулар жана башка аскердик курал-жарак болгон.

Буга чейин АКШ Украинага 16 HIMARS жөнөткөн.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина HIMARS системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG