Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:42

ИИМ билим берүү министри Бейшеналиев кармалганын билдирди


Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, учурда чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенүүдө.

Билдирүүдө иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар кийин берилери белгиленген. Алмаз Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигинин башына 2021-жылдын октябрь айында келген.

Андан бери бул тармакта бир катар реформаларды өткөрүүнүн аракетин көрүп жатканын айткан. Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директорун алмаштыруу, жогорку окуу жайларды бириктирүү сыяктуу процесттер башталган.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Бейшеналиев тараптан комментарий боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG