Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Евробиримдик Кремлге жалган референдумдар үчүн санкция салат


Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Орусия Украинанын төрт облусунда өткөргөн, эл аралык коомчулук тааныбаган референдумдарды өткөргөнү үчүн Москвага санкция салууну сунуштады.

Ал 28-сентябрда билдиргендей, жаңы санкциялар Украинадагы согушту жалган референдумдар аркылуу күчөткөнү үчүн Кремлге кымбатка турат.

"Биз эч качан жасалма референдумдарды, Украинанын аймактарынын аннексияланышын кабыл албайбыз жана кырдаалды чыңалтканы үчүн Кремлге жогору баа төлөтөбүз", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Эми санкциялардын айлампасын Евробиримдикке кирген 27 мамлекет жактырышы керек.

Орус армиясы жарым-жартылай көзөмөлдөгөн Украинанын төрт аймагында жасалма референдум өткөрүлүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган. Ага ылайык, аймактын жашоочулары Орусияга кошулууну тандаган. Батыш мамлекеттери, Киев жалган референдумдун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришкен.

Орус парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Валентина Матвиенконун айтымында, жалган референдумдардын жыйынтыгы тууралуу президент Владимир Путин 30-сентябрда Мамдумада сүйлөйт. Ал эми мыйзам чыгаруучулар аннексия боюнча мыйзамды 4-октябрда карашы мүмкүн.

2014-жылы Орусия ушундай эле жол менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG