Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

АКШ өз жарандарын Орусиядан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырды


АКШнын Москвадагы элчилигинин имараты.
АКШнын Москвадагы элчилигинин имараты.

Кошмо Штаттардын Москвадагы элчилиги Орусиянын аймагындагы өз жарандарын токтоосуз өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Бул чечимин Орусияда кош жарандуулугу бар америкалыктарды аскерге чакырышы мүмкүн деген кооптонуусу менен түшүндүрдү.

«Орусия америкалыктардын кош жарандыгын таануудан баш тартып, аларды өлкөдөн чыгарбай, армияга кызмат өтөөгө чакырышы ыктымал»,-деп эскертти дипломатиялык өкүлчүлүк.

Ошондой эле Орусиядагы жарандарын кандайдыр бир саясий, социалдык акцияларга катышпоого чакырды.

Буга чейин Польша менен Болгариянын Тышкы иштер министрликтери өз жарандарын орус жергесинен чыгып кетүүгө чакырган.

Польшанын бийлиги билдиргендей «кокустан чек аралар жабылып калса, жарандарды эвакуациялоо кыйын болуп калышы мүмкүн».

Орусияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган.

Украинага кол салгандан кийин жоготууну толтуруу максатында жарыяланган мобилизация орус жарандарын жапырт сыртка качууга мажбур кылды. Ушул тапта Казакстандын, Грузиянын жана Армениянын чек арасында узун кезек пайда болду.

Орусиянын ондогон шаарларында каршылык акцияларына чыккан үч миңдей киши кармалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG