Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Бернс: Путиндин армиясынын көп көйгөйү бар


Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернс.
Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернс.

Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернс CBS News телеканалына курган маегинде Орусиянын армиясында бир эле адам ресурстарына байланыштуу эмес, башка дагы толгон-токой көйгөй бар экенин билдирди.

"Эгер ал 300 миң кишини мобилизациялай алса да, алардын көбү тийиштүү машыгуудан өткөрүлбөйт, жетиштүү курал-жабдык менен камсыздалбайт, материалдык-техникалык колдоого ээ болбойт", - деди Бернс.

Ал Путиндин өзөктүк курал колдонуу тууралуу коркутууларына олуттуу кароого чакырды. Бернстун пикиринде, Путин эмне ойлоп жатканын айтуу азырынча оор, бирок азырынча эч кандай «реалдуу далилдер» жок.

Буга чейин АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан эгер Орусия Украинага каршы өзөктүк курал колдонсо, расмий Москва үчүн мунун кесепети өтө оор болорун эскерткен.

21-сентябрда Орусиянын президенти жарым-жартылай мобилизация жарыялап, анын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартылары кабарланган.

Путин бул согушка аралашкандарга мүмкүн болгон каражаттар менен, анын ичинде өзөктүк курал менен да жооп берүүгө даяр экенин айткан. Орусия Украинага эч негизсиз 24-февралда кол салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG