Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Чек ара: Ак-Суу дарыясындагы көпүрөнү кайра куруу уланып жатат


Куралдуу кол салууда жардырылган көпүрөдөгү каттам 2--сентябрда кайра жанданган.
Куралдуу кол салууда жардырылган көпүрөдөгү каттам 2--сентябрда кайра жанданган.

Транспорт жана коммуникация министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууда жардырылган Ак-Суу дарыясындагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштери уланып жатканын билдирди. Учурда 36 метрлик көпүрөдө унаа өтүүчү жол курулууда.

Буга чейин аталган министрлик Баткен районундагы "Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун жетинчи чакырымындагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган көпүрөнү тажик аскерлери жардырган" деп билдирген. Тажик тарап буга байланыштуу комментарий берген эмес. Көпүрөдөгү кыймыл 20-сентябрда кайра жанданган.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG