Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

ИИМ: Адам сатуу менен алектенген топ аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) адамдарды чет мамлекеттерге сексуалдык кулчулукка сатуу менен алектенген топ аныкталганын билдирди. Мекеменин 28-сентябрдагы маалыматына караганда, милицияга айлык маянасы жакшы жумуш таап берем деген шылтоо менен бир кызды Түркияга жөнөткөн аял тууралуу маалымат түшкөн.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин («Адам сатуу») негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү аял Чүй облусунун 31 жаштагы тургуну экени, ал дагы бир кызды алдап, жөнөтүүгө аракет кылып жатканы аныкталган.

Кылмышка шектүү аял тергөө абагына камакка алынды.

Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү мигранттар экени айтылып келет. Өлкөдө бир жылда адамдардын кулчулукка кабылганы боюнча он чакты кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, адам сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп экенин же жыл сайын 100дөн ашуун адам кулчулукка кабыларын белгилешет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG